“SUPER MEDIA” пресс-борбору ачылды!

“SUPER MEDIA” пресс-борбору заманбап, мультимедиялык, жогорку технологиялык, универсалдык аянтча бардык каалоочуларга эшигин ачты.

Замандын талабына ылайык өз учурунда элге жеткирилген маалымат көп нерсени чечет эмеспи. Андыктан тигил же бул маселе боюнча оюңуз болсо, коомчулук менен бөлүшүүгө чакырабыз. Биз адилеттикти таппай жаткан карапайым жарандан тартып, чуулгандуу саясий иш боюнча үнүн коомчулукка жеткирүүнү каалаган адамдарга чейин кабыл алып, ыңгайлуу шарттагы аянтча түзүп бердик.

Пресс-борбордун сыйымдуулугу:

4-6 спикер, 24 конокко ылайыкталган орундуктар, чанактар (розетка) менен жабдылган кенен стол ыңгайлуу шартта отуруп, журналисттерге маектешкенге жана иштөөгө шарт түзөт;

Фото жана телеоператорлор үчүн тоскоолдуксуз жумушун аткарганга мүмкүнчүлүктөр бар;

Өтө ыңгайлуу жана кенен залда кадыресе пресс-жыйындан тышкары тренинг, семинар, брифинг, бет ачар (презентация) жана башка көптөгөн иш-чараларды өткөргөнгө болот.

Пресс-борбордун мүмкүнчүлүктөрү:

ТВ экрандар – презентация, фото, лого жана видеоматериалдарды көрсөтүү үчүн 2 чоң телевизор орнотулган;

Спикерлер үчүн – үндү мыкты жеткирген, сапаттуу жаздырууга ылайыкталган микрофон аппаратуралары коюлган;

WI-FI – жогорку ылдамдыктагы интернет;

Жарыктандыруу – фото жана видео операторлордун сапаттуу кадрлары үчүн атайын жарык берүүчү жабдыктар иштейт;

Пресс-жыйынды ВИДЕОГО ЖАЗДЫРУУ;

ОНЛАЙН КӨРСӨТҮҮ – бардык пресс-жыйындар миллиондон ашуун аудиториясы бар SUPER.KG сайтында жана анын You Tube каналында түз эфирде чагылдырылат.

Боло турчу жыйын туурасында маалымат пресс-борбордун сайты www.supermedia.kg жана www.super.kg сайттарына жайгаштырылып, электрондук даректери базага кирген масс-медиа өкүлдөрүнө күн мурун таркатылат. Бул сиз бөлүшө турган маалыматтын ыкчам түрдө журналисттерге жетишин шарттайт. Андыктан чамдаңыз!

“SUPER MEDIA” пресс-борбору ачылышына карата 70% арзандатуу жарыялады. Сизди күтөбүз!

Биз менен байланышуу оңой:

Тел: 0770 88 26 00

Электрондук дарек: info@supermedia.kg

Дареги: Бишкек шаары, Жибек Жолу проспекти 381 (Эльдорадо соода борбору, 2-кабат)

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан