Бүгүнтөн баштап Beeline`дын кооз номерлеринин аукциону бардык каалоочулар үчүн жеткиликтүү болду. Аукцион эки аптага уланат.
Аукцион онлайн режиминде өтүп, 1 лоттун баштапкы баасы 1 сомдон 100 миң сомго чейин болот.
VIP, Платина, Алтын+ номерлери эң жогорку бааны сунуштаган колдонуучуларга берилет. Бирок жеңүүчү аукциондун мөөнөтү бүткөндөн кийин аныкталат, тагыраагы, жеңүүчүгө билдирүү келет. Жеңишке ээ болгон колдонуучу Beeline`дын сатуу жана тейлөө кеңсесине келип номерди каттатып, ага сунуштаган акчаны (накталай түрдө) төлөшү керек. Бул кадамдардан кийин sim-карта ээсине тапшырылат.
Эске сала кетчү жагдай, эгер аукционго катышып жаткан колдонуучу сайтыбызга каттала турган болсо лоттун баасы дагы жогорулайт. Ошондой эле аукциондун жүрүшү тууралуу суроолорго жооптор сайтыбызда кеңири жазылган.