Elite House компаниясынан "Synergy Global" форумуна катышуу үчүн акысыз жолдомону кантип утуп алса болот?

Буга чейинки макалабызда ири масштабдагы бизнес форум тууралуу окурмандарыбызга айтып бергенбиз. Форум ушул жылдын 4-5-октябрында Санкт-Петербург шаарында орун алат. Иш-чаранын катышуучуларына бизнестин ар кайсы тармактарындагы 200 спикердин негизги экспертизалары тууралуу маалымат алууга мүмкүнчүлүк ачылат. Масштабдуу форумга дүйнөнүн ар кайсы бурчунан 50 миңден ашуун катышуучу келери күтүлүүдө.

Алардын арасында 200дөн ашуун ийгиликтүү инсандар глобалдуу максаттарга жетүү үчүн өздөрүнүн билими, тажрыйбасы менен бөлүшөт. Алптардын катарында Кыргыз өлкөсүнүн өкүлү - Elite House компаниясынын негиздөөчүсү, курулуш бизнесинин серепчиси, тренер жана мультимиллионер Тимур Файзиев дагы өзүнүн программасы менен катышат.

Адамды бир жолу тойгузгуң келсе ага балык бер. Эгер аны өмүр бою тойгузгуң келсе балык улоону үйрөт.

Тимур Файзиев көп убакыттан бери өзүнүн билимге болгон мамилеси, бизнес тууралуу билимди коомго жайылтып келгени менен белгилүү. Ал билим гана экономиканын өнүгүүсүнө алып келерине ишенет. Ийгиликтүү ишкер, меценат мекендештерине өзүнүн билими менен акысыз бөлүшөт. Ал эми анын тажрыйбасынан алынган уникалдуу билими жаңыдан иштеп баштаган балыкчыларга кайырмак болуп берет. Башкача айтканда бизнес менен алектенип баштаган ишкерлерге даяр азык болот.

Жакында эле интернетте "Bilim" баракчасы ачылды. Бул баракчада бизнес жаатында ийгиликке жетүүнүн сырлары баяндалат. Аталган баракча кыргыз жарандары үчүн түгөнбөгөн шык берүүчү булак болууну убада кылат.

"Synergy Global Forum`га" кантип акысыз катышууга мүмкүнчүлүк алса болот?

Elite House компаниясы "Synergy Global Forum`га" акысыз катышууну каалагандарга 2 орун үчүн билет ойнотот. Сиздер оюнга катышып, бизнес жаатындагы билим берүүчү иш-чарага акысыз катышууга мүмкүнчүлүк аласыздар. Elite House жеңүүчүнү акысыз турак-жай, эки тараптуу учак билети жана 3 күндүк билим алууну камсыздайт. Сиз дүйнөнүн эң мыкты спикерлери Ицхак Адизес, Маршал Голдсмит, Игорь Рыбаков жана башка инсандардан сабак ала аласыз.

Биринчи мүмкүнчүлүк:

Биздин мамлекет жаратылышы, маданияты жана адамдары менен өзгөчө. Мындан улам Elite House Кыргыз жергеси тууралуу тартылган кыскача видеого сынак жарыялайт. Сиз тарткан видео "Synergy Global Forum" иш-чарасында көрсөтүлөт. Кыска видео өлкөбүздүн кооз жерлери, туристтик жана инвестициялык кызыктыруучу жайлары тууралуу болушу керек.

Экинчи мүмкүнчүлүк:

Сынакка катышып, жашооңуздагы шыктандыруучу окуя тууралуу жазыңыз. Тагыраагы, коомдук маанилүү маселелерди чечүүдөгү чечимиңиз, кызыктуу идеянын же долбоордун жаралуу тарыхы, жеңишиңиз жана миңдеген адамдарды шыктандыра ала турган жөндөмдүүлүгүңүз тууралуу.

Сынак тууралуу кенен маалымат алуу үчүн биздин социалдык тармактагы баракчабызга баш багыңыз:

Instagram - https://www.instagram.com/timurfayziev

Facebook - https://www.facebook.com/faizievtimur

You Тube - https://www.youtube.com/channel/UCzYELsq9YN2XeAkw6A3n0Ew?view_as=subscriber

Бийик максаттарды коюп, ага Elite House менен бирге жетиңиз!


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан