Бүгүн, 23-августта Өмүрбек Бабанов УКМКда кайрадан сурак берди. Бул жолу сурактан ал 5 жарым сааттан кийин чыкты.
"3-4 иш бар экен, ошол боюнча сурак болду. Мен баары жакшы аяктайт деп ишенем" деди Бабанов.
Ошондой эле ал келе жаткан аптада кайрадан Финполго суракка бара тургандыгын белгиледи.
9-августта Өмүрбек Бабанов Кыргыз өлкөсүнө кайтып келген. Ал 2017-жылдын октябрь айындагы президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен.