Волейбол боюнча аймактык Азия чемпиондугунда кыргыз волейболчулары чемпион болушту. Оюндун жүрүшү туурасында жана алдыдагы пландар жөнүндө, волейболчулар «SUPER MEDIA» пресс-борборунда бүгүн, 27-августта, саат 11:00дө боло турган пресс-жыйында айтып беришет.
Пресс-жыйындын катышуучулары:
Элмурза Сатыбалдиев – Кыргыз Республикасынын улуттук волейбол федерациясынын президенти;
Кылычбек Сарбагышев – Кыргыз Республикасынын улуттук волейбол федерациясынын башкы катчысы;
Андрей Анкудинов – Кыргыз Республикасынын волейбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу;
Оңолбек Каныбек уулу – команданын капитаны, турнирдин мыкты оюнчусу;
Жамалидин Мусаев – оюнчу, турнирдин мыкты байланыштыруучусу;
Нурмухамед Токтоев – оюнчу.
Байланышуу үчүн:
Телефон номери: 0770 88 26 00
Электрондук дарек: info@supermedia.kg
Адрес: Бишкек шаары, Жибек Жолу проспекти 381 ("Эльдорадо" соода борбору, 2-кабат)
“SUPER MEDIA” пресс-борбору – МААЛЫМАТТАН АРТТА КАЛБАҢЫЗ!