"Газпромнефть" май куюучу жайлар тармагы кардарларынын драйвын көбөйтүүдө

"Газпромнефть" май куюучу жайлар тармагы "ДРАЙВТЫ КӨБӨЙТҮҮ!" акциясынын биринчи этабынын жыйынтыгын чыгарды. Ушул жылдын 15-майынан 31-июлуна чейин айдоочулар "Газпромнефтиден" май куюп, коддорду каттаткан. Акциянын баш байгеси – дүйнөнүн каалаган өлкөсүнө саякаттап келүү.

Код жазылган скретч-карталар 10 жолу 10 литрден же 5 жолу G-Drive күйүүчү майын куйгандарга берилген. Андан кийин картадагы кодду "Драйвты көбөйтүү!" мобилдик тиркемесине же сайттагы акцияга каттап коюу керек болгон. Акциянын жүрүшүндө катышуучулар 63 миңден ашуун код жазышып, анын 81и байгеге ээ болушкан.

Утуштар 7-августта белгилүү "Record" радиосунун студиясында ойнотулган. Бактылуу коддор RANDOM айланма генераторунун жардамы менен тандалган. Салтка айлангандай жеңүүчүлөр комиссиянын жана көз карандысыз байкоочулардын катышуусунда өттү. Ошондой эле студияга "Газпромнефть" май куюучу жайлар тармагынын коомчулугунда Фейсбук, Инстаграм баракчаларында акциянын таза жана калыс өткөнүнө ынануу үчүн катышууну каалаган айдоочулар дагы чакыртылган.

Баш байге Аида Самаковага буюрду. Жеңүүчү каалаган өлкөсүнө саякатка бара алат.

Аида Самакова "Драйвты көбөйтүү!" акциясынын биринчи этабынын жеңүүчүсү:

"Бул жеңиш мен үчүн күтүүсүз болду. Коддорду каттоого апам көндүрүп, 2 жолу код каттаганга жетишкем. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземине болочоктогу жолдошум менен келгем. Биз үйлөнүү үлпөт тойго даярданып жатканбыз. Тойдун алдында ушундай белек дүйнөнүн каалаган жерине саякатка барып келүү буюрду. "Газпромнефть" май куюучу жайлар тармагына чоң ырахмат!".

Жеңүүчүлөрдү куттуктоо салтанаты август айынын ортосунда "Газпромнефть Азиянын" башкы кеңсесинде болду. Аталган иш-чарада алып баруучулук тизгинди белгилүү ди-джей Эрик Молдалиев аркалаган.

Кыргыз өлкөсүндөгү "Газпромнефть" май куюучу жайлар тармагы жыл сайын кардарлары үчүн акция өткөрүп келет. Бирок "Драйвты көбөйтүү!" акциясы өзгөчө. Акциянын финалында 2 унаа ойнотулуп, анда бактылуу коддор кайсы бир айдоочуга туш келет.

Нурзат Сатыбалдиева, "Газпром нефть Азиянын" чекене сатуу башкармалыгынын жетекчиси:

"Драйвты көбөйтүү!" акциясынын биринчи этабынын бардык жеңүүчүлөрүн чын жүрөгүмдөн куттуктайм! "Газпромнефть" май куюучу жайлар тармагын тандаган кардарларга ыраазычылык билдирем. Биз автоунаа ээлери үчүн биринчи класстагы продукцияны жана тейлөөнү сунуштоо үчүн күн сайын эмгектенебиз. Ар бириңиздерди аптанын каалаган саатында, тагыраагы, 24 саат бою көргөнгө кубанычтабыз".

"Драйвты көбөйтүү!" акциясынын экинчи этабы башталды. Акция ушул жылдын 15-октябрына чейин уланат. Ал эми байгелерди ойнотуу 23-октябрда орун алат.

"Газпромнефть" май куюучу жайлар тармагы – биз сапарда жүргөндөрдү көбөйтөбүз!

"Драйвты көбөйтүү!" акциясынын биринчи этабынын жеңүүчүлөрүнүн тизмеси "Газпром нефть Азия" корпоративдик сайтына жарыяланган.


кошулду
"Газпромнефть" май куюучу жайлар тармагы кардарларынын драйвын көбөйтүүдө
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан