1-сентябрь күнү Бишкекте заманбап үлгүдө курулган "I-Mall" оюн-зоок соода борборунун расмий ачылышы болот.
Соода борбордун администрациясынан маалымдагандай, анда дүйнөлүк жана ата мекендик бренддеги дүкөндөр, үй-бүлөлүк, жаш балдардын жана саркеч кийим дүкөндөрү, сулуулук салондору, чоң гипермаркет, фуд-корт жана 2-кабатында Кыргыз жергесиндеги эң чоң, эң бийик жаш балдардын оюн-зоок борбору жайгашкан.
Жаш балдарга ылайыкташтырылган оюн-зоок борборунда 17 метрлик горкалар, каруселдердин бир канча түрү, батуттар жана көптөгөн кызыктуу нерселер бар.
"I-Mall" оюн-зоок соода борбору Бишкектин борборунда жайгашкан. Үй-бүлөңүз менен соода кылып, көңүл ачууга эң ыңгайлуу жер. 1-сентябрь күнү саат 11.00дө расмий ачылышы болот.