Өмүрбек Бабанов Финполго суракка 29-августка чакырылды

Экс-депутат Өмүрбек Бабанов Финансы полициясына сурак берүү үчүн 29-августка чакырылды. Бул тууралуу Бабановдун жакындары билдирди.

Маалыматка ылайык, азырынча саат канчага чакырылганы белгисиз. Бабанов 27-августта суракка бармак, бирок 29-августка жылдырылды.

21-августта Финансы полициясына экинчи ирет сурак берген.

9-августта Өмүрбек Бабанов Кыргыз өлкөсүнө кайтып келген. Ал 2017-жылдын октябрь айындагы президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен.

Экс-депутат өлкөгө кайтарын жарыялаганда, УКМК "Бабанов келсе мыйзам чегинде жоопко тартылат" деп билдирүү тараткан.

Буга чейин, ушул жылдын апрель айында Бабановдун тууганы Жаныбек Мырзабаев Финполго сурак берип чыккан. Ошол учурда анын күбө катары суракка чакырылышы "Кыргызстан" банкына байланыштуу экендиги айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан