Тукумсуздук эми маселе эмес!

Биздин порталга ЭКО ыкмасы менен балалуу болуу тууралуу сюжет жарыкка чыгары менен окурмандардан бир нече суроолор келип түштү. Суроолорго Орто Азия жана Түркия мамлекетинин эн алдыңкы ЭКО адиси профессор Жихангир Чакыжы жооп берет.

- Үйлөнгөнүмө 7 жылдан ашты. Менин уруксуздугумдун себебинен балалуу боло элекпиз. Дарыландым, бирок жыйынтык болбоду. Спермограмма тапшырсам нөл пайыз экен. Эмне кылсам болот?

- Эркекте урук клеткаларынын жоктугу - "Азооспермия" деп аталат. Оорунун себебине жараша уруктарды алууга болот. Анын бир нече ыкмасы бар. Алгач уруксуз эркектерге ТESA ыкмасы колдонулат. Анда ичке ийненин жардамы менен эн безинен урук клеткасы алынып, лабораторияда изилденет. Эгер бул ыкма натыйжасыз болсо, урук алуунун башка ыкмалары пайдаланылат. Андыктан үмүтүңүздү өчүрбөй биздин клиникага кайрылыңыз.

- Мен ЭКОну эки жолу Алматыда жасаткам. Тилекке каршы, жыйынтык болгон жок. Анализдеримдин баары жакшы чыкты. Себеби эмнеден болушу мүмкүн?

- ЭКОнун ийгиликсиз болушуна ички жана сырткы факторлор таасир берет. Мисалы, сапатсыз эмбриондор, жатын түтүктөрүнүн паталогиясы, ата менен эненин антигендери аябай окшош болсо, гормоналдык бузулуулар, жаш өзгөчөлүк, ашыкча салмак, терс адаттар - ичимдик, тамеки тартуу, өнөкөт оорулар, жыныс системиндеги жана өпкө, ашказан, боор, бөйрөк оорулары жана башкалар.

- Бишкектен башка облустарда дагы консультация бересиңерби?

- Ооба. Акыркы убактарда облустардан көптөгөн суранычтар болуп бул маселени карап чыктык. Эми ар бир айда облустарга барып, консультация берип турабыз. Сентябрь айында Ош шаарына барабыз.

- Саламатсызбы. Сиздин тажрыйбаңыз жөнүндө жакындарымдан угуп барсам эмгек өргүүсүндө экенсиз. Эми качан барсам болот?

- Саламатчылык. Ооба, келе берсеңиз болот. 14-сентябрдан 22-сентябрга чейин Бишкек шаарында консультация өтөм.

- ЭКО менен төрөлгөн балдар тукумсуз болуп калат деп уккам. Бул сөздүн канчалык деңгээлде чындыгы бар?

- Тескерисинче, дени сак балдар төрөлөт. Анткени жубайлар башынан аягына чейин толук текшерүүдөн өтүп, дарыгерлердин көзөмөлүндө болот. Лабораториядан уруктун күчтүүлөрү, тазалары тандалып алынат. Практикамда алгачкы ирет ЭКО менен төрөлгөн бала эркек болчу. Табигый жол менен балалуу болду.

Клиниканын дареги: Бишкек шаары, Горький көчөсү 21.

Байланыш телефондору: 0(0312) 593-999, 0(770) 220-157 (кабылдама), 0(770) 220-104 (WhatsApp)

ankalifebishkek.com


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан