Эковолонтёрлор 1 тоннадан ашык таштанды чогултушту

Кыргыз өлкөсүнүн Эгемендүүлүк күнүнө карата 23-августта Таштар-Ата аймагында “Газпром нефть Азиянын” “Эковолонтёр” долбоорунун ыктыярчыларынын демилгеси менен таштандыларды бөлүп чогултуу боюнча экологиялык акция болуп өттү. Бул иш-чара “Туулган жер” аттуу социалдык инвестициялык программанын негизинде экинчи ирет ишке ашырылды.

Ыктыярчылардын жол каттамын иш-чарага катышып жаткан “Аэропорт такси сервис” компаниясынын айдоочулары камсыздады. Экологиялык акциянын жүрүшүндө “BOOM Studio” Event-Ассоциациясы катышуучуларды командага бөлүп, экологиялык тематикага ылайык, көп таштанды чогултуу боюнча жарыш уюштуруп, акцияны көңүл ачуучу квестке айландырды. Иш-чарага “Газпром нефть Азия” компаниясынын волонтёрлорунан сырткары кайдыгер эмес шаар тургундары дагы катышты. Ошондой эле “Кирби”, “Тойбосс”, “Абдыш-Ата”, “Coca-Cola Kyrgyzstan”, “Кант-Сүт” компаниялары жана “Lalafo” сайты өнөктөш болуп акциянын катышуучуларын азык-түлүк жана белектер менен камсыздашты.

Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар 1 тоннадан ашык таштанды чогултушту. Иргелген таштандынын жарымын кайра иштетүүгө жиберсе, кайра иштетүүгө мүмкүн болбогондорду таштанды талаасына жиберишти.

Руслан Гайдаров "Газпром нефть Азиянын" Эковолонтер” долбоорунун башчысы, “Туулган жер” программасынын элчиси:

“Өлкөбүздүн кооз жерлеринин булгануусу барган сайын курч маселеге айланууда. Бул маселени кыргыз элин экологиялык маданиятка жана ресурстарга аяр мамиле кылууга тарбиялоо аркылуу чечүүгө болот. Биз аймактардагы тазалык иш-чарасын оюн-зоок формасында экинчи ирет өткөрүп жатабыз. Былтыр Боз-Бөлтөк тоосундагы желек илинип турган аймакты тазалоо иш-чарасын жүргүзүп, жарым тоннадан ашык таштанды чогултканбыз. Барган сайын бизге колдоо көрсөткөн ыктыярчылардын, өнөктөштөрдүн саны өсүп жаткандыгы кубандырат. Былтыркы иш-чарага өз ыктыяры менен 60тан ашык адам катышса, быйыл алардын саны 100дөн ашты. Таза коомдо, таза келечекти куруу менен Кыргыз өлкөсүнүн өсүп-өнүгүүсүнө чоң салым кошорубузга ишенем”.

Аскар БектеновГазпром нефть Азия” компаниясынын башкы директорунун орун басары:

“Компания кызматкерлеринин волонтёрдук долбоорлоруна колдоо көрсөтүп келе жатканына үч жылдын жүзү болду. “Газпром нефть Азия” компаниясынын ар бир кызматкери волонтёрдук долбоорлорго катышуу үчүн арыз берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Кызматкерлердин долбоорлору өтө олуттуу болбосо дагы маанилүү маселелерди чечүүгө жардам берет. Баса белгилеп айта кетким келгени, волонтёрдук иш-чараларды өнүктүрүүнүн негизги максаты - адамдардын жашаган жерине болгон жоопкерчиликти өнүктүрүү, ошондой эле жашообузга позитивдүү өзгөрүүлөрдү киргизүүнүн демилгесин көтөрүү болуп саналат”.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан