O! Safe Kids - балдарыңызды интернетте коргоо!

Ар бир ата-эне үчүн жашоосунда баласынын коопсуздугу менен саламаттыгынан маанилүү эч нерсе жок. Бирок бизден, ата-энелерден айырмаланып балдарыбыз таптакыр башка дүйнөдө, глобалдуу интернет доорунда жашап жатышат. Интернеттин турмушубузга таасири ушунчалык олуттуу, баланын интернет-мейкиндигинде бет келишкен онлайн коркунучтар анын психикалык жана физикалык саламаттыгына реалдуу турмушта кездешкендегидей эле таасир этиши мүмкүн.

Бирок биз кантип балдарыбыздын интернеттеги коопсуздугун камсыздай алабыз? Ар дайым эле биз балабыздын кайда жүргөндүгү, эмне менен алектенгендиги жана интернетте эмне издегендиги, ким менен баарлашып жаткандыгы жана кайсы тиркемелерди колдонгондугунан жетиштүү түрдө кабардарбызбы?

О! Мобилдик оператору маалыматтык коопсуздук тармагындагы ири «Касперский Лабораториясы» менен биргеликте жаңы жана уникалдуу сервисти – виртуалдык жана реалдуу дүйнөдө балаңызга кам көрүүгө жана коргоого жардам бере турган О! Safe Kids тиркемесин сунуштайт.

Жаңы мобилдик О! Safe Kids тиркемеси менен сиздин балдарыңыздын коопсуздугун камсыздоо бир кыйла жеңил болуп калат.

Болгону тиркемени ата-эненин смартфонунда ата-эне режиминде жана балдардын түзүлүштөрүндө орнотуп алыңыз жана сиздин мобилдик телефондогу ата-эненин тиркемеси аркылуу керектүү коопсуздук жана көзөмөл ырастоолорун тандап алыңыз.

Эми балдарыңыз сиз жанында болбосоңуз дагы ишенимдүү коргоонун алдында болот.

Сиз ар дайым:

  • Балаңыздын кайда жүргөндүгүн;
  • Түзүлүшүнүн заряддалгандыгын билесиз жана көзөмөл аласыз;
  • Жакпаган сайттарды жана жагымсыз контентти бөгөттөй аласыз.

Ошондой эле төмөнкүлөрдү аткара аласыз:

  • Балаңыздын телефондо жана интернетте өткөргөн убактысын башкаруу;
  • Айрым тиркемелерди бөгөттөө жана аларды пайдалануу лимитин белгилөө;
  • Ал гана эмес балаңыздын, ошондой эле анын жаңы досторунун Facebook жана Vkontakte тармактарындагы активдүүлүгүнө байкоо жүргүзүү.

Дароо келүүчү билдирүүлөр сизге смартфонуңуздагы же планшетиңиздеги тиркеме аркылуу балдарыңызга көз салып турууга жардам берет. O! Safe Kids мобилдик тиркемеси Android жана iOS платформаларында иштейт. Толук маалыматты portal.safekids.kg порталынан билсеңиз болот.

МААНИЛҮҮ: О! Мобилдик оператору сизге балдарыңыздын коопсуздугуна кам көрүү мүмкүнчүлүгүн берүү өзүнүн жаңы «Переходи на О! + O! Safe Kids» тарифтеринин топтомуна О! Safe Kids тиркемесин кызматтардын тизмегине кошумча акысыз киргизди. Кызматты *234*1# буйругун терүү менен активдештирсе болот

O! Safe Kids – балдарыңызды интернетте ишенимдүү КОРГОО.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан