Экс-депутат Өмүрбек Бабанов кечээ, 29-августта УКМКга сурак берди. Ал сурактан чыгып, журналисттерге УКМКда төрт иш, Финансы полициясында төрт иш боюнча сурак берип жатканын билдирген. Бул боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине кайрылганыбызда, тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн сурак кайсы иштер боюнча жүргүзүлүп жатканы айтылбай турганын билдирди.
Ал эми Финансы полициясына кайрылганыбызда, Бабанов кылмыш иштерине күбө катары чакыртылып жатканын, тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн айтылбай турганын билдирди.
9-августта Өмүрбек Бабанов Кыргыз өлкөсүнө кайтып келген. Ал 2017-жылдын октябрь айындагы президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен.
Экс-депутат өлкөгө кайтарын жарыялаганда, УКМК "Бабанов келсе мыйзам чегинде жоопко тартылат" деп билдирүү тараткан.
Буга чейин, ушул жылдын апрель айында Бабановдун тууганы Жаныбек Мырзабаев Финполго сурак берип чыккан. Ошол учурда анын күбө катары суракка чакырылышы "Кыргызстан" банкына байланыштуу экендиги айтылган.