Бабанов УКМКга 5 саатка жакын сурак берип чыкты

Бүгүн, 30-августта экс-депутат Өмүрбек Бабанов УКМКга 5 саатка жакын сурак берип чыкты.

Бабанов кылмыш иштерине күбө катары чакыртылып жатканын айтты. Ал азырынча УКМКга дагы качан чакырыла турганы тууралуу бүгүн айтылбаганын билдирди.

9-августта Өмүрбек Бабанов Кыргыз өлкөсүнө кайтып келген. Ал 2017-жылдын октябрь айындагы президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен.

Экс-депутат өлкөгө кайтарын жарыялаганда, УКМК "Бабанов келсе мыйзам чегинде жоопко тартылат" деп билдирүү тараткан.

Буга чейин, ушул жылдын апрель айында Бабановдун тууганы Жаныбек Мырзабаев Финполго сурак берип чыккан. Ошол учурда анын күбө катары суракка чакырылышы "Кыргызстан" банкына байланыштуу экендиги айтылган.

УКМКга 5 саат сурак берип чыккан Бабанов Текебаев тууралуу пикирин айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан