Бишкек шаарында "БТА Банк" ЖАКтын "Ислам Финансылык Борборунун" расмий ачылышы болду

Өлкө боюнча экинчилерден болуп “БТА Банк” Ислам Финансылык Борборунун филиалын ачты. Филиалдын салтанаттуу ачылыш аземи 2019-жылдын 2-сентябрында Бишкек шаарында орун алды.

“БТА Банк” ЖАКтын Башкармасынын төрагасынын биринчи орун басары Марат Какеев ислам шарттары боюнча каржылоо кызматын пайдалангысы келген кардарлардын саны өсүп жатканын, мындан улам бул тармакты өнүктүрүүнү колго алышканын билдирди.

“Биз Ислам Финансылык Борборунун филиалын ачууга 2018-жылдын 20-июнунда Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынан лицензия алганбыз. Ислам шарттарынын негизинде берилүүчү кызматтарга суроо-талап артып жатат. Биз банктык процесстерди өнүктүрүп, жаңыча кадамдарды жасоого басым жасайбыз. Ошондой эле “БТА Банк” ЖАК менен “Бакай Банк” ААК бир коммерциялык банк болуп биригишерин, натыйжада Кыргызстандын финансылык рыногунда ири жана кубаттуу, ата мекендик банк пайда болору күтүлүп жаткандыгын билдире кетмекчибиз. Ошону менен Кыргызстандын бардык аймактарында аманат кассаларынын жана филиалдардын саны, анын ичинде ислам принциптери боюнча финансылык кызмат көрсөтүү бөлүмдөрү дагы көбөймөкчү”, - деп жыйынтыктады.

“БТА Банк” ЖАКтын “Ислам Финансылык Борбору” департаментинин жетекчиси Талант Керимбаев керектүү кыймылсыз же кыймылдуу мүлк кардардын арызынын негизинде банк тарабынан сатылып алынарын айтат. Сатып алууну “БТА Банктын” “Ислам Финансылык Борбору” жүргүзөт. Андан кийин товар кардарга узартып төлөө шарты менен сатылат.

“Коммерциялык ишмердүүлүктүн негизги багыттарынын бири Мурабаха - бул кардардын билдирмеси боюнча алдын ала макулдашылган үстөк баада сатып алынган товарды бөлүп төлөө шартында сатуу бүтүмү. Керектөөчүлөр үй-тиричилик техникасын, компьютердик техникаларды, байланыш каражаттарын, эмеректерди жана башка буюмдарды сатып алуу үчүн каржылоо ала алышат.Ошондой эле “Кард Хасан” - керек болгон учурга чейин депозиттик эсептерди ачуу кызматтары көрсөтүлөт. “Мудараба” аталышындагы депозиттик кызматтар бар. Бул кардардын “Ислам Финансылык Борборуна” ишеним артып берген аманат акчасы. Ал эми бул борбор кардарлардын акчасын жөн гана сактап койбостон аны шариятта уруксат берилген жол менен инвестициялык долбоорлорго жумшайт. Түшкөн кирешени/чыгашаны Банк кардар менен алдын ала макулдашылган үлүштө бөлүшөт. Тобокелдиктин болушу - ислам ишмердигинин өзгөчөлөнгөн негизги принциби”.

Ислам Финансылык Борборунан ар бир Кыргызстандын жараны диний ишенимдеринен көз карандысыз түрдө каржылоо алса болот. Эл аралык Шарият стандарттарына ылайык, эч кандай чектөөлөр жок экенин Талант Керимбаев кошумчалады.

“БТА Банк” ЖАКтын Ислам Финансылык Борборунун Шарият Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов: “Бул борбордун ачылышы турмуштун зарылчылыгынан улам келип чыкты. Өлкөдөгү ислам борборлорун жана бөлүмдөрүн ачууда кемчиликтер орун алышы мүмкүн, бирок биз кемчиликтерди жоюуга аракет кылабыз. Кемчиликтен корккон адам иш кылбайт. Андыктан сын-пикирлерди кабыл алып, баарыбыз бул ишти колдоп беришибиз керек”, - деп, жаңы түзүмдүн ишине ийгиликтерди каалады.

«БТА Банк» ЖАКтын Байланыш борбору: +996 (312) 90 50 50

«Ислам Финансылык Борбору» филиалы: +996 (312) 90-13-55

Бишкек шаары, Логвиненко көчөсү 37

e-mail: ifc@bta.kg.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан