Баш байге ээси FLASH БАНК промо-акциясынан жарым миллион сомдон ашуун утуп алды

Сорви FLASH Банк промо акциясы Кыргыз Республикасынын аймагында 2019-жылдын 1-июнунан баштап, 31-августуна чейин болуп өттү. Акцияга катталуу үчүн катышуучулар 0,45 литр көлөмүндөгү Flash Up энергетикалык суусундугунун арткы тарабынан 8 сандуу промо кодун таап, 8650 номерине смс билдирүү жөнөтүп же www.flashbank.kg промо сайты аркылуу каттоодон өтүүсү керек болгон.

Ал эми 2-сентябрда Сорви FLASH Банк промо акциясы жеңүүчүлөрдү аныктады. Бардык оюндар активдешкен промо-коддор арасында компьютердик тандоо (random ыкмасы) аркылуу болуп, атайын комиссиянын көзөмөлүндө жүргүзүлдү.

Акцияга өлкөнүн бардык аймактарынан 25 миңден ашык жаран катышкан.

Баш байгенин баштапкы суммасы 300 миң сом болуп аныкталган. Андан кийин акциянын шарттарына ылайык ар бир активдешкен промо-коддон Flash Банкка 1 сомдон кошулуп жатты. Натыйжада, жеңүүчүгө бериле турган сумма 595 миң 645 сомду түздү.

Буга чейин уюштуруучулар ар апта жана ай сайын ар түрдүү белектерди ойнотуп келген. Анда повер-бенк, фитнес трекер, блютуз колонка, виртуалдык көз айнек жана IPhone X мобилдик телефону ойнотулган.

IPhone X уюлдук телефонун утуп алган Назира Мамбетөмүр кызы үй-бүлөсү телефонду туулган күнүнө карата белек кылганын айтып, кубанычын жашырган жок.

"Жолдошум Flash суусундугун көп иччү. Бир күнү атайын промо акцияга катышып көрдүк. Биринчи күнү эле 50 бирдик түштү. Мына ошондон кийин эле биз кызыгып катышып баштадык. Биз оюн башталгандан бери 120дан ашуун Flash суусундугун алып ичтик окшойт. Мына азыр телефон утуп алдык. 7-сентябрь менин туулган күнүм болгондуктан үй-бүлөм мага белек кылышты. Бардык уюштуруучуларга рахмат", - деди ал.

Ал эми дагы бир жеңүүчү Наргиза Таштанбек кызы блютуз колонка утуп алды. Ал сүйүнгөнүн жашырбай буларга токтолду. "Мен биринчи күндөн баштап кодду смс билдирүү аркылуу жөнөтүп баштадым. Мен башкы байгени утуп алам деп жаткам. Бирок кур дегенде блютуз колонка утканыма да кубанычтамын", - деди жеңүүчү.

Акциянын аягында жыйынтыктоочу сумма 596 миң 645 сомду түздү. Башкы байгени ойнотуу түз эфирде болуп, акциянын ар бир катышуучусу күбө болууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ал эми бактылуу промо-кодду Бишкек шаарынын тургуну Турсунжан Адбуков активдештиргени аныкталды.

"Мага телефон чалып "сиз акцияга катыштыңыз беле?" деп сурашканда, эмне жөнүндө сөз болуп жатканын деле толук түшүнбөй калдым. Бир аздан соң мен жеңүүчү болгонумду айтышты. Менин таң калганымды сөз менен сүрөттөп берүү кыйын. Эч качан мындай толкунданган эмес элем. Чынын айтайын, азыр деле өзүмө толук келе элекмин. Атүгүл, азыр деле ишене албай турам. Ал эми байгенин акчасын эмнеге короторумду деле али билбейм, бирок сөзсүз жакшы нерсеге жумшайм деп ойлойм. "FLASH UP" компаниясына жана уюштуруучуларга чоң рахмат!", - деди ал.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан