"Бакай Банк" каалоочуларды "Ак илбирсти сактайбыз" аттуу эл аралык чуркоого чакырат

Ушул жылдын 15-сентябрында "Ак илбирсти сактайбыз" аталышындагы эл аралык чуркоо орун алат. Бишкек шаарынын тургундарына жана меймандарына ар кандай аралыкка чуркап, ак илбирсти сактоого салым кошуусуна мүмкүнчүлүк түзүлөт.

"Ак илбирсти сактайбыз" жарым марафонунун башкы генералдык демөөрчүсү - "Бакай Банк" ААКсы. Чуркоо Бишкектин борбордук көчөлөрү, тарыхый имараттары жана архитектуралык эстеликтеринин жанында болот.
Иш-чарада 4 аралыкка чуркоо каралган: 1 чакырым, 5 чакырым, 14 чакырым жана 21 чакырым 1 метр.

"Мындай өңүттөгү иш-чара бизде өткөрүлгөн эмес. Ак илбирстин тукуму жок болуп кетүү коркунучу болгондуктан, аларды сактап калуу маселеси актуалдуу. "Ак илбирсти сактап калуу" фондунун маалыматына ылайык, дүйнөдө жалпысынан 4 миңден 7 миңге чейин эле илбирс калган. Бул жаныбар12 мамлекетте байырлайт. Ал мамлекеттердин катарына Кыргыз жергеси дагы кирет. 2020-жылы биздин өлкөдөгү ак илбирстердин санын тактоо зарылчылыгы бар. Аларды саноо үчүн фотокылтактарды орнотуу пландалган. Дал ошол техниканы орнотуу үчүн чуркоодон чогултулган каражаттар жумшалат", - дейт "Nomad Sport`тун" башкы директору, Кыргыз Республикасынын Триатлон федерациясынын вице-президенти Канат Келсинбеков.
Эл аралык чуркоонун жалпы байге фонду 4 миллион 500 миң сомду түзөт.

"Биз КМШ өлкөлөрүндөгү эң чоң делинген байге фондун койдук. Башкы максатыбыз - чет өлкөлүк тажрыйбалуу спортчулардын Кыргыз жергесине көбүрөөк келүүсүн камсыздоо. Мисалга алсак, жакында орун ала турган чуркоого 30 өлкөдөн спорт сүйүүчүлөрү жана Орусиянын, Беларустун, Украинанын, Молдованын, Казакстандын жана Өзбекстандын тажрыйбалуу рекордчулары катышат. Мындай тажрыйбалуу спортчулардын топтолушу КМШ өлкөлөрү үчүн жакшы саамалык. Алар биздин мамлекетке бир да жолу келген эмес", - деп кошумчалады Келсинбеков.
"Nomad Sport`тун" башкы директорунун айтымында, марафонго 4 миңге чукул адам катышат. Ал эми балдар жана көзү көрбөгөндөр үчүн өзүнчө чуркоо уюштурулат.
"Бизге жардам көрсөтүп жатканы үчүн "Бакай Банкка" ыраазычылыгымды билдирем. Спорт сүйүүчүлөрүн колдоп, дайыма жардам берип келген банктын бар экенине кубанам. Менимче, биздин кызматташуубуз узакка созулат".

"Ак илбирсти сактайбыз" эл аралык чуркоо боюнча кененирээк маалымат менен биздин www.bakai.kg сайтыбыздан таанышсаңыз болот. Мындан тышкары, 0(312) 610 061, уюлдук телефондон 6111 кыска номерине чалып же WhatsApp +996554006111 номерине кайрылыңыз.

"Ак илбирсти сактайбыз" эл аралык чуркоо - бул кайрымдуулук кылуучу эл аралык жарым марафондордун бири. Анда катышуучулардын төлөгөн акысынын бир канча бөлүгү ак илбирсти жана анын экосистемин сактоо программасына (GSLEP) жумшалат.

"Бакай Банк" ААКсы - 20 жылдан ашык мезгилден бери Кыргыз мамлекетинин жашоочуларына финансылык кызматтын кеңири түрүн көрсөтүп келе жатат. Азыркы учурда өлкөнүн бардык аймактарында банктын 76 сактык кассасы жана филиалдары бардык кардарларга бат жана ыңгайлуу тейлөөлөрдү жүргүзүп келет.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан