EliteHouse компаниясы Бишкектин Түштүк Магистралында "София" турак жай комплексинин салтанаттуу ачылыш аземин өткөрөт

Ушул жылдын 14-сентябрында "София" турак жай комплексинин салтанаттуу ачылыш аземи болот. Бишкек шаарынын түштүк бөлүгүндө жайгашкан бул комплекс комфорт-класстагы турак жай болуп саналат. EliteHouse компаниясы ар дайым өзүнүн кардарларынын алдында милдеттерин так аткарып келет, бул ирет да объект батир ээлерине белгиленген мөөнөттө берилди. Белгилей кетүүчү жагдай, "София" турак жай комплексинин 153 батири тең эбак эле сатылып кеткен. Бул көрүнүш ишкананын кардарларынын көптүгүнөн кабар берет.

EliteHouse компаниясы ар дайым өзүнүн кардарларынын алдында милдеттерин так аткарып келет, бул ирет да объект батир ээлерине белгиленген мөөнөттө берилди. Салтанаттуу ачылыш аземдин катышуучуларын жана жаңы батирдин ээлерин EliteHouse компаниясынын директору Тимур Файзиев өзү куттуктайт. Ага келген коноктор үчүн фуршет жана маданий-көңүл ачуучу программалар тартууланат. Мындан тышкары, аталган компаниянын кызматкерлери салынган турак жай тууралуу, анын артыкчылыктары жана пайдаланылган каражаттарынын сапаты жөнүндө конокторго айтып беришет.
Курулуштун жүрүшүндөгү бардык иштердин сапаттуу аткарылышын Германиянын TUV SUD концерни текшерип турдуБаса белгилей кетсек, курулуштун жүрүшүндөгү бардык иштердин сапаттуу аткарылышын Германиянын TUV SUD концерни текшерип турду. Аталган концерн өндүрүш жана курулуш экспертиза тармагындагы 150 жылдык иш тажрыйбасы бар дүйнөлүк лидер болуп саналат.

EliteHouse'тун негизги принциби - кардарлардын алдында жоопкерчиликтүү болуу, батирлердин максималдуу ыңгайлуулугу боюнча кепилдик берүү. Ушул максатта ишкана Башкаруу компаниясын ачуу боюнча чечим кабыл алды. Ал ар бир кардардын комфорттук шартта жашоосун шарттайт. EliteHouse'тун Тейлөө кызматы ачылып жаткан Башкаруу компания боюнча толук маалыматты тарттуулайт.

Ачылыш аземдин жүрүшүндө Жаңы батир ээлерине баалуу белектер тапшырылат, буга чейин тиричилик техникаларына утуштар да ойнотулган, алар жаңы батирлер үчүн эң маанилүү экендиги эске алынган. Ачылыш аземдин соңунда "София" турак жай комплесиндеги жаңы жашоонун башталышынын урматына майрамдык шаң уюштурулуп, торт кесилет.

Маалымат үчүн:

"София" - комфорт-класстагы заманбап комплекс. Ал инфраструктурасы эң мыкты өнүккөн райондо, Бишкектин түштүк тарабында жайгашкан. Турак жай комплекстин жайгашкан жери капысынан тандалган эмес. Бишкектин түштүк бөлүгү чынында эле борбор калаанын "жаңы борбору" деп саналат. Тоолорго жакын болгондуктан абасы таза. Сейил бак, мектеп, бала бакча, оорукана деген сыяктуу объектилер эл жашаган жерге жакын жайгашкандыгы ал райондо жашагандар үчүн максималдуу ыңгайлуулукту жаратат.

"София" турак жай комплексинде жер алдында унаа токтотуучу жай жайгашкан. Андан тышкары, балдар ойноочу аянтчасы бар. Комплекс 24 саат бою кайтарууда. Өз учурунда EliteHouse компаниясынын жогорку стандарттарына ылайык милдеттүү талабы болуп саналат.

Толук маалыматты https://elite-house.kg/ сайтынан же 0555 555 555 номери аркылуу ала аласыздар.

EliteHouse - үйлөрдү курабыз, тагдырлар курулат.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан