Elite House логотиби өзгөргөнү тууралуу жарыялайт

2013-жылы Тимур Файзиев өнөктөштөрү менен биргеликте Elite House курулуш компаниясын негиздеген. Жыйынтыгында ал компаниянын жалгыз гана ээси боло алды.

Азыркы учурда Elite House - Кыргыз жергесиндеги курулуш тармагындагы лидерлердин бири. Компания күндөн-күнгө тездик менен өсүп, 5 объекттин курулушун толугу менен аяктаган. Elite House - эч качан насыя каражаттарын кызыктырбаган курулуш компаниясы.

Elite House 6 жыл аралыгында далай жолдорду басып өтүп, жаңы, амбициялуу максаттарга жетүү учуруна келди.

Бүгүнкү күндөгү Elite House`тун ишмердүүлүгү курулуш тармагы менен гана чектелбейт. Тагыраагы, компаниянын долбоорлорунун бири Barter.kg аркылуу унааларды, кыймылсыз мүлктөрдү, жер тилкелерин Elite House`тун батирлерине жеткиликтүү баадагы келишим менен алмаштырууга болот. Ошондой эле бизнес-тренер, курулуш тармагындагы эксперт катары таанылган компаниянын жетекчиси Тимур Файзиев акысыз тренингдерди өткөрүп, өзүнүн тажрыйбасы, билими менен бөлүшүп келет.

Elite Housе жаңы деңгээлге чыгууда. Буга байланыштуу олуттууу өзгөрүүлөргө, тагыраагы, фирмалык стилди өзгөртүүгө кезек келди.

Elite House компаниясы өзүнүн брендин өзгөртүүсүн жарыялайт. Биз бир аз кайгыруу менен артка карап, дайыма эсибизде кала турган мурдагы логотиптеги фирмалык сүрөттөр менен коштошуп, келечекке оптимизм менен карайбыз. Биздин келечек жаркын жана жемиштүү болот. Ал эми мурдагы логотип биздин тарыхыбыздын бир бөлүгү болуп кала берет.

Бүгүн биз сиздерге Elite House компаниясынын жаңы логотибин көрсөтөбүз. Бул логотип жергиликтүү дизайнер А.Лысогоров тарабынан иштелип чыкты.

Эми биздин логотип заманбап, учурдун талабына жооп берген жана компаниянын тынымсыз өсүп, өнүгүүсүн көрсөтүп турат.

Elite House жаңыланат, өнүгөт. Андыктан биздин логотип баалуулуктарыбызды даана көрсөтүп турат. Бүгүнкү күндөгү бактылуу жашоону курууга бардык күчүбүздү жумшайбыз. Эртеңки саламат жашоонун пайдубалын түптөөгө адамзаттын инновациялык, тарыхый тажрыйбаларын колдонобуз. Биз дайыма кыймыл-аракетте болуп, стратегиялык ой жүгүртө алабыз жана амбициялуу максаттарды коё алабыз!

Elite House - дүйнөлүк стандарттагы бизнес жүргүзүүнү жана тенденцияны жасай алган бирдей пикирдеги адамдардын командасы.

"Биздин жаңы логотип - компаниянын кийинки баскычтагы өнүгүүсү. Биз бир гана үй курбайбыз, биз шаардын көрүнүшүн жана жаңы стилин курабыз", - дейт Elite House компаниясынын башкы директору Тимур Файзиев.

Elite House - шаарды, жашоону курабыз!


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан