Алтындын баасы көтөрүлдү. "Бакай Банк" баалуу металлга инвестиция кылууну сунуштайт

«Бакай Банк» Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу эмиссия жүргүзүлгөн алтын куймаларды сатууну жана сатып алууну аткарат. Баалуу металлга акчаны жумшоо жыйнап жүргөн каражатты сактоонун бир түрү болуп саналат. Алтын куймалар тез өтүүчүлүккө ээ, эгерде баалуу металлдын дүйнөлүк баасы өсө турган болсо, анда мындай салым чынында кошумча киреше алып келе алат.

Урматтуу кардарлар, биз сиздерге алтын куймаларды сатуу жана сатып алуу кызматын сунуштайбыз. Алтын биздин өлкөнүн тургундарын эмнеси менен кызыктырат жана андан канча акча табууга болорун «Бакай Банк» ААКсынын казына башчысы Дайыр Ахмедалиев айтып берди.

- Банк качантан бери Кыргызстандын Улуттук банкынын өлчөнгөн алтын куймаларын сатып баштады?
- Коммерциялык банктардын ичинен биринчилерден болуп, “Бакай Банк” Улуттук банктын өлчөнгөн алтын куймаларын сатуу боюнча операциялар менен алектене баштаган. Адегенде мындай алып-сатуу ишин жүргүзүүгө укук берген Улуттук банктын лицензиясын алдык. Кийин 2016-жылдын июнь айында биздин банкта алтын куймаларды сатып алууга мүмкүн болуп калды. Бул кызмат азыр бардык филиалдарда иштейт.

- Акчаны алтын куйма иретинде сактоо эмнеси менен кирешелүү?
- Мындай капиталдык салымдын башкы жетишкендиги – бул кайра сатып алуунун кепилдиги. Ал аталган финансылык инструменттин өтүмдүүлүгүн бир топ жогорулатат. 2019-жылдын август айында алтындын троялык унциясынын (31,1 граммдын тегерегинде) баасы 1500 доллардан ашты. Быйылкы жылдын башынан тартып баалуу металл 20 пайызга кымбаттады. Байкаларлык түрдө алтындын баасы жай мезгилинде көтөрүлдү. Бир эле августтун ичинде анын баасы 7 пайызга асмандады.

Алтынга инвестициялык салымдын дагы бир пайдасы бул биздин өлкөдө өлчөнгөн алтын куймаларына байланышкан операциялар кошулган баага жана сатуудан түшкөн салыктан бошотулган.

- Алтын куйма десе баасы өтө кымбат болушу керек деп элестетебиз. Карапайым адам сатып ала алабы?
- Алтын куйманын ассортиментин карай келгенде, ал кымбат металлды керек болсо студент да сатып алууга мүмкүн экенин көрүүгө болот. Сатыкта арзан болгон бир, үч жана беш граммдык салмактагы куймадан бир топ акча керектелген унцияга (31 грамм) чейинки куймалар бар. Ар бир куйманын аныктыгы жана сапаты атайын капталган сертификаты менен тастыкталат.

- Куйманын өзү канчалык бекем?
- Алтындын жогорку пробасы анын ашкере жумшактыгын шарттайт. Бет маңдайы манжанын, кебездин, кагаздын тийгенинен деле чийилип калат. Металлга зыян келтирилгенде ал өз баалуулугун жоготот. Ошондуктан куймалар анын документтери менен кошо кылдат мамилени талап кылат.

- Алтын куймаларына инвестиция кылуунун башка альтернативасы барбы?
- 2017-жылдын сентябрь айында “Бакай Банк” Кыргызстандагы банктардын ичинен биринчи болуп ээси көрсөтүлбөгөн металлдык эсептер менен операция жүргүзүүгө кошумча лицензия алган. Бул кардарларга ээси көрсөтүлбөгөн формада алтын сатып алуу мүмкүнчүлүгүн берет. Принцип ошол эле. металлдык эсептердин ээлери сатып алган учурдагы жана сатуу учурундагы алтындын баасындагы айырмачылыктан акча таба алышат.

- Мындай эсептин артыкчылыгы эмнеде?
- Эсепти каалаган иш күнүндө ачып, жапса болот. Ээси көрсөтүлбөгөн алтынды сатып алып жатып, кардар алтынды куймага кайра эритүүдө, каптоодо, Улуттук банктын алтын маржасына ашык төлөбөйт. Виртуалдык алтындын бир граммы чыныгы алтындан болжол менен 35 пайызга арзаныраак. Ошондой эле мындай эсепти ачуу жана кызмат көрсөтүү “Бакай Банкта” бекер жүргүзүлөт. Эсепти ачуу үчүн биздин банктардын бөлүмүнө паспорт менен кошо келүү эле жетиштүү.

- Алтынды инвестициялоодо кандай коркунучтар бар?
- Ээси көрсөтүлбөгөн металл эсептери мамлекеттик депозиттерди коргоо программасына кирбейт. Анткени металлдык эсептер депозит болуп эсептелбейт. Ал эми коркунучтар тууралуу айтсак, эгерде алтынга болгон баа төмөндөп кетсе, кардар чыгымга учурайт. Банк чыгымдарды төлөп бербейт. Анткен менен алтын менен операцияларды жүргүзүүнүн тобокели жогору эмес: сары металлдын баасы бир канча миңдеген жылдан бери туруктуу баада сатылып келет. Акыркы тренддер көрсөткөндөй, алтынга болгон баа оңой менен төмөндөбөйт.

Кенен маалымат менен биздин www.bakai.kg сайтынан тааныша аласыз.

Өлчөнгөн куймаларды сатып алуу боюнча 0312610061 номерине, мобилдик телефондон 6111, WhatsApp'тан +996554006111 номерине байланышыңыз.

***

"Бакай Банк" ААКсы - 20 жылдан бери Кыргыз мамлекетинин жашоочуларына финансылык кызматтын кеңири түрүн көрсөтүп келе жатат. Азыркы учурда өлкөнүн бардык аймактарында банктын 76 сактык кассасы жана филиалдары бардык кардарларга бат жана ыңгайлуу тейлөөлөрдү жүргүзүп келет.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан