Турак жайга саякат! Elite House эң кызыктуу бас-тур уюштурат. Чамдаңыз!

Эртең, 21-сентябрда Elite House компаниясы курулуп жаткан жана курулуп бүткөн объекттерге бас-тур уюштурат.

Elite House – ачык жана ирээттүүлүктүн принциптеринде иштеген, тездик менен өнүгүп жаткан компания. Ал мындай иш-чараларды буга чейин да өткөрүп келген, бирок бул жолку бас-тур болуп көрбөгөндөй чоң масштабда өтөт. Ишемби күнү компания курган объектилерге 300 адам барат.

Бас-турдун жүрүшүндө башынан аягына чейин Elite House'тун директору жана кожоюну Тимур Файзиев өзү катышып, объектилер тууралуу айтып берет жана берилген бардык суроолорго жооп берет.

Elite House компаниясы үчүн бул өзүнүн кардарлары, өнөктөштөрү жана башка кызыкдар болгон тараптар менен байланыш түзүүсүнө чоң мүмкүнчүлүк болуп саналат. Ал эми иш-чаранын катышуучулары болсо курулуштун жүрүшү менен таанышкандан сырткары, компания курулушка кандай каражаттарды пайдаланарын, кандай технология менен иштегендигин көрөт. Алар заманбап турак жай комплекстери кандай тургузулганын өздөрү көрүшөт.

Бас-турдун катышуучулары курулушу аяктаган "Максимум+", "Южный Парк" жана "Триумф Стиль" объекттерине, курулушу жүрүп жаткан "Эл Классик", "Александрия", "АсанбайОрдо" жана "Итальянский квартал" деп аталган турак жай комплекстерин кыдырышат.

Соңку, уникалдуу, премиум-класстагы турак жай комплексин ишке киргизүү үчүн италиялык архитектор Жузеппе Вентури чакырылган. Ал Бишкектин түштүк бөлүгүнө эстетика жана Аппенин тоолорундагыдай көркөмдүктү бере алды. Инфраструктуранын өнүккөндүгү жана экологиялык жакшы абал андагы жашоону максималдуу түрдө ыңгайлуу кылат. Комплекстин аймагынын 65 пайызы жашоочулардын короодо үй-бүлө менен эс алуусу үчүн кооздоого бөлүнгөн. Ал жерде атайын көлмө, мөмөлүү дарактардан бак жана фонтан болот. Ал эми түштүк тараптан чыккан айланма терезеден тоолордун ажайып бийиктиги көрүнүп турат.

Буга ынангыңыз келеби? 0558 888 888 номерине чалып, Elite House'тун кезектеги бас-туруна катышууну кабарлаңыз.

Бас-турдун жыйынтыктоочу жери шаардын түштүк бөлүгүндөгү, жакында эле курулуш иштери аяктаган турак жай комплекси болот. Ал комплекстин короосунда коноктор үчүн фуршет уюштурулуп, Elite House'тун жаңы долбоорлорунун презентациялары өтөт. Бас-турдун жүрүшү жана компаниянын башка иш-чаралары тууралуу маалыматтарды Elite House'тун социалдык тармактардагы - Facebook жана Instagram баракчаларынан окуй аласыздар. Жазылып, маалыматтан кабардар болуп туруңуздар!


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан