"Бакай Банктын" "Жеке Консьерж" тейлөөсү - 24/7 саат бою сиздин дүйнө боюнча бекер жардамчыңыз

"Бакай Банк" 2019-жылдын 1-майынан тарта "Жеке Консьерж" ("Персональный Консьерж") аталышындагы тейлөөнү сунуштайт. Бул жаңы кызматты "Бакай Банктын" Visa Gold карталарынын бардык ээлери пайдалана алышат.

"Жеке Консьерж" - бул толук сутка иштеген кызмат. Ал ар бир маселелерди чечүүдө сиздин жеке жардамчыңыз боло алат. "Консьерж" - суткасына 24 саат, жумасына 7 күн, дүйнөнүн ар бурчунда сиздин тапшырмаңызды аткарганга, толук маалымат бергенге жана картаңыздан төлөм жасоого жана алдын ала ээлөөгө даяр болот. Жаңы кызматтын бардык артыкчылыктары тууралуу "Бакай Банктын" төлөм системдерин башкаруу бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Ташмамбетов айтып берди.

"Жеке Консьерж" - бир телефон чалуунун аралыгында саякаттоо жана жашоо стили боюнча эксперт. Ал дүйнөнүн ар жеринен орус жана англис тилинде тейлей алат. Кызмат "Бакай Банктын" Visa карталарынын ээлери үчүн акысыз. Жөн эле +996 (312) 96 25 81 телефон номерине чалсаңыз, жеке жардамчыңыз сиздин ордуңузга баарын жасап коёт!

"21-кылымда бардык маселелер бат жана сапаттуу чечилиши зарыл, ошондуктан "Жеке Консьерж" кызматы алмаштырылгыс. Бүгүн биз дээрлик бардык маалыматты интернеттен издеп жатканыбыз сыр эмес. Буга көп убакыт жана мээнет коротууга мажбурбуз. Эми бул ишти сиз үчүн "Жеке Консьерж" кызматы жасай алат. Ал сизге толук маалыматты интернеттен да, өздүк программалары аркылуу да таап бере алат. Ошондой эле бул кызмат күнүмдүк жашоодо алмаштыргыс жардамчыңыз боло алат", - деп белгиледи Чыңгыз Ташмамбетов.

"Сиздин Жеке Консьержиңиз эмне кыла алат?"

1. Саякатты уюштурууну

Консьерж саякаттоого байланыштуу бардык маселелерди чечүүгө жардам берет - аба жана темир жолго билет издеп сатып алууга, мейманканадан номерди алдын ала ээлөөгө, унааны ижарага алууга жана башкалар.

2. Эс алуу

Консьерж сиздин эс алууңузду жаңыча уюштуруп бере алат. Сиз яхтаны, тик учакты, эксклюзивдүү унааны жана тез жүргөн катерди ижарага ала аласыз. Сиз үчүн ресторандар, эс алуучу жайлар, театралдык оюндардын жана тасмалардын бет ачарлары жеткиликтүү болот.

3. Бизнес-тейлөөлөр

Консьерж так жана өз убагында сиздин тапшырмаңызды аткарат, иш же жолугушуу жөнүндө эскертет, маанилүү сүйлөшүүлөр үчүн бардыгын уюштуруп берет, валюталардын курсу жана биржалык индекстер боюнча маалымдайт, жоопкерчиликтүү күнү сизди ойготот.

4. Үй иштери боюнча жардам

Консьерж эс алуудан жана жакындарыңыз менен жолугушуудан алаксыткан маселелерди чечүүгө жардам бере алат. Ал үй иштерин өзүнө алууга даяр: азык-түлүктөрдү жеткирүү, үй жыйноо, кир жуу, сантехникти же электрикти чакыруу.

Чыңгыз Ташмамбетовдун айтымында, Visa Gold картасын ачып жаткан бардык жаңы кардарларга "Бакай Банк" автоматтык түрдө "Жеке Консьерж" кызматын берет. "Бакай Банк" бул жаңы кызматын ишке киргизип жатканына байланыштуу пайдалуу Visa Gold картасы боюнча тарифтерди жогорулатпайт. Бул кызмат мурдагы тарифтердин негизинде иштейт", - деди ал.

"Жеке Консьерж" жаңы кызмат болгондуктан "Бакай Банктын" Visa Gold картасы бар кардарлары банктын каалаган кеңсесине барып аны орнотуп алса болот. Же биздин колл-центрге чалып адистерди чакыра алат", - деп түшүндүрдү Чыңгыз Ташмамбетов.

"Жеке Консьерж" кызматы боюнча кошумча маалыматты 0312610061, мобилдик телефондон: 6111, WhatsApp: +996554006111 номерлери аркылуу алса болот.

***

"Бакай Банк" ААКсы - 20 жылдан ашык мезгилден бери Кыргыз мамлекетинин жашоочуларына финансылык кызматтын кеңири түрүн көрсөтүп келе жатат. Азыркы учурда өлкөнүн бардык аймактарында банктын 76 сактык кассасы жана филиалдары бардык кардарларга бат жана ыңгайлуу тейлөөлөрдү жүргүзүп келет.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан