Өлкөнүн түштүк аймагында "Бакай Банкынын" Исламдык финансылык борборунун жаңы кеңселери ачылды. Алар калкка ислам принциптери боюнча альтернативдик каржылоо кызматын көрсөтүшөт.
"Исламдык финансылык борбору 2019-жылдын март айынан тартып Бишкек шаарында жана өлкөнүн түштүк аймагында, өзгөчө Ошто керектөөчүлүк каржылоо продуктусу боюнча активдүү ишин баштаган. Бүгүнкү күндө аталган борборлордун республиканын түндүк жана түштүк аймагында бар болушу керектөөчүлүк каржылоо өнүмдөрүн илгерилөө жана өнүктүрүүгө түрткү берген башкы факторлордун бири болуп саналат. Буга байланыштуу Ош, Кара-Суу жана Өзгөн шаарларында керектөөчү каржылоо боюнча кардарларды тейлөө үчүн дагы башка кеңселерди ачуу чечилди", - дешти "Бакай Банк" ААКсынын Исламдык финансылык борборунан билдиришти.
Жаңы кеңселерде бөлүп төлөөгө төмөндөгүлөрдү алса болот. Алар: керектөөчү колдонуудагы товарлар, мындайча айтканда, турмуш-тиричилик техникасы, эмерек, курулуш материалдары, уюлдук телефондор, терезелер, эшиктер жана башка буюмдар. Андан тышкары, биздин адистер соода борборлорунда жана айрым кеңселерде керектөөчү товарларды жол-жоболоштуруу боюнча кызмат көрсөтүшөт.
Исламдык финансылык борборунун жаңы кеңселери төмөндөгү даректерде жайгашкан:
Ошондой эле, Ошто жаңы кеңселер ишке киргенден кийин Жалал-Абад, Талас, Баткен жана башка өлкөбүздүн шаарларында Исламдык финансылык борборунун бөлүмдөрүн ачуу пландалууда.