"Beeline Кыргызстан" компаниясынын колдоосу менен Жалал-Абад облустук китепканасы электрондук системге өттү

Жалал-Абад облустук китепканасы электрондук системге өтө баштады. Мындай жаңыланууга "Beeline Кыргызстан" компаниясы көмөк көрсөтүп, сапатуу интернет жана компьютерлер менен жабдып берди. Электрондук китептерден камтылган коворкинг-борборунун ачылышы 23-сентябрда болду.

Мындан ары окурмандар китептерди онлайн түрүндө да окуса болот. Буга кошумча окуу залдары жаңыланып, ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө шарт түзүлдү. Китепкананы жаңылануусуна билайн компаниясы 1 жарым миллион сомдук демөөрчүлүк кылып, окуу залдары капиталдык ремонттон өткөрүлдү.

Мындай борборлор - Батыш жаштарынын арасында популярдуу формат. Ал бара-бара биздин өлкөбүздө да өз ордун ээлейт. Жаштар ой калчашып, компьютерлерди, китептерди, акысыз ылдам интернетти колдонуп, убактысын пайдалуу түрдө өткөрө турган жай болоруна шек жок.

Алдыда Beeline жаштарга кошумча билим берүү максатында бир нече тренингдерди да пландаштырууда.

"Beeline Кыргызстан" – digital билим берүү ыкмаларын колдогон, коомдун пайдасына багытталган мобилдик оператору. Ал коомдун өнүгүшүнө өбөлгө түзөт жана жаштарга, «Make your mark» дүйнөлүк инициативанын алкагында, өз келечегин курууга жардам берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан