"Народный" укмуштуудай жаңыланууну баштады. Дүкөндөр мындан да ыңгайлуу жана заманбап болот

"Народный" соода үйү Кыргызстандагы эң ири улуттук соода дүкөн тармагы эсептелинген 17 жыл ичинде алгачкы жолу укмуштуудай жаңыланууну баштайт. Дүкөндөр тармагы эми жакынкы убакытта олуттуу түрдө модернизацияланып, мындан да ыңгайлуу жана заманбап болуп өзгөрөт.

"Народный" фирмалык стилин жана форматын ребрендинг кылат. Тармак жаңы жана пайдалуу нерселерге көңүл бурат: көбүрөөк жашылча-жемиштер, экологиялык жактан таза продукттар.

Жумуш форматы да өзгөрүлөт, дүкөндөр заманбап болуп, кардарлар үчүн ыңгайлуу болот. Ошондой эле жеткиликтүү баа жана 24 саат бою иштеп, сүйүктүү кардарларына жакын бойдон кала берет.

Жаңыланган дүкөндүн ачылышы 1-октябрда саат 11:00дө болот. Абдрахманов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан жаңыланган алгачкы “Народныйдын” эшиги ачылат.

Жаңылануунун башкы максаты – сатып алуучулардын муктаждыгын толугу менен канааттандыруу. Бул соода дүкөнүнүн ийгиликтүү иштешинин негизи болчу жана ушул бойдон кала берет.

Кардарлар соода дүкөнүнүн башкы баалуулугу болуп келген. Ошондуктан “Народный” бүгүнкү күндө ыңгайлуу, үйгө жакын жана баалары да жеткиликтүү. Андыктан, соода үйү бул багытта кетүүсүн улантат. Муну менен бирге соода-сатык тармагындагы акыркы тенденцияларга да маани берет. Товарлардын жогорку сапаттуулугуна, мыкты тейлөө жана жеткиликтүү баа кылууга максатын көздөйт.

"Народный" соода үйү 2002-жылы негизделген. Азыркы учурда 48 дүкөнү бар. Бишкек шаарында 42, Кантта, Токмокто, Балыкчыда, Чолпон-Атада, Бостери жана Новониколаевкада бирден.

«Народный» дүкөнү орточо 300-400 чарчы метр соода аянтын ээлеп, 8,5 миңден ашык товарлардын ассортименти бар. Компания жумуш менен 2 миңдей жаранды камсыз кылат, бир жылдык салыкка которулган каражат 444 миллион сомду түзөт.

Муну менен биздин ийгиликтер токтоп калбайт. Алдыда бизде дагы жагымдуу учурлар күтөт!


кошулду
"Народный" укмуштуудай жаңыланууну баштады. Дүкөндөр мындан да ыңгайлуу жана заманбап болот
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан