«Той өткөрөм, кредитти жабам дегендерге насыя берилбейт!»

Кандай гана бизнес баштаба, ага салым үчүн баштапкы каражат болушу керек. «Кумтөр Голд Компани» бул багытта аймакты өнүктүрүү үчүн жеке ишкерлерге төмөндөтүлгөн пайыздар менен насыя берүүчү коомдук фонддорду түзгөн. Бул долбоордун Ысык-Көл аймагы боюнча координатору жана «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын Жети-Өгүз районундагы өкүлү Кеңешбек Дүйшөнбиев чакан насыя берүүчү агенттиктер тууралуу айтып берди:

- Эң алгачкы агентство 2006-жылы Жети-Өгүз районунда ачылган. Анын бүгүнкү күндөгү кредиттик портфели 120 миллион сомду түзөт. Ал жакшы жыйынтыктарды бере баштаганда 2011-жылы «Тоң финанс» деп Тоң районунда ачылган. Анын кредиттик портфели бүгүнкү күндө 82 миллион сомго жетти. Эң акыркысы 2012-жылы Балыкчы шаарында ачылган. Анын жалпы портфели 57 миллион сом. Ошентип бул долбоордун иштеп баштаганына быйыл 13 жыл толду. Бул аралыкта чакан насыя берүүчү компаниялардын кызматынан 8000 үй-бүлө пайдаланып өздөрүнүн майда жана орто бизнестерин баштоо мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушту. Мунун натыйжасында чакан насыя берүүчү агенттиктердин 13 жылдагы акча айлантуусу 1 миллиард 140 миллион сомго жетти.

Той өткөрөм, унаа же кыймылсыз мүлк алам, башка банктагы насыямды жабам деген максатта келгендерге кредит берилбейт. Эгер андай багыттарга жумшоо үчүн насыя берилсе анда компания элди жакырчылыктан чыгаруунун ордуна, тескерисинче, карызга батырып, жакырланткан болуп жатпайбы. Биздин компаниялар орточо 10-12 пайыздык үстөк менен насыя берет. Насыянын максималдуу мөөнөтү 4 жылга жана суммасы 500 миң сомго чейин.

Насыя алуунун шартына келсек, кардар кепилдик үчүн күрөөгө кыймылсыз мүлк коюусу керек. Эгерде азыраак өлчөмдөгү насыя ала турган болсо, жер тилкесин коюп ала берсе болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан