Бүгүн, 1-октябрда Биринчи Май райондук сотунда "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновдун экинчи соттук отуруму өттү.
Соттук отурумга жалпы 20 адам келип, алардын ичинен 8 киши сурак берди.
Соттук процесс күбөлөрдүн көптүгүнө байланыштуу 17-октябрда улантыла турган болду.
Жыйынтыгында жактоочу Таалайкүл Токтакунова SUPER.KG порталына маек берип, төмөнкүлөргө токтолду.
"Бүгүнкү соттук процесс Өмүрбек Чиркешович эмес, Дүйшөнкул Чотонов боюнча болду. Бул соттук отурум бир күн жөнүндө, тактап айтканда, 13-май күн тууралуу болуп жатат. Ал күнү Маевский жана Модин Чотонов менен Текебаев "Супарада" жолуккан деп жатат. Бул жөнүндө бүгүн, 1-октябрда күбөлөр келип, тастыктап беришти. 13-май күнү Чотонов эртең мененки саат 07:00дөн баштап түшкү саат 14:00гө чейин өкмөттүн ичинен сыртка чыккан эмес.
Ал саат 14:00дө аэропортко барып, Ошко учуп кетиши керек болгон. Анткени 12-майдан баштап Кыргыз өлкөсүндө кырдаал курч болуп турган. Оштун, Жалал-Абаддын райондук администрацияларын Бакиевдин тарапташтары басып алып баштаган. Мындан улам 13-майда ыкчам жыйналыш болгон.
Ал учурда Дүйшөнкүл Чотонов өзгөчө кырдаалдар министри болгондуктан, Ош шаарына тезинен учуп кетсин деген чечим чыккан. Мурда соттолуп жатканда тик учак качан учкан, канча жолу учкан? - деген далил бизде болгон эмес. Ал эми азыр күбөлөр келип, далилдерди айтып жатышат. Бүгүнкү отурумда 4 генерал күбө болуп, көрсөтмөсүн берди.
Чотонов ал күнү саат 14:00дөн баштап эле Ошко учуп кетүү үчүн аэропортко барышкан. Бирок Оштогу аэропортто шагыл түшүп, оңдоп-түзөө иштери жүрүп калганына байланыштуу учак учпай калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Алар аскердик учак менен учкандыктан, жанында Матенов, Исаков, Алымбеков жана Чотоновдун жан сакчысы болгон", - деди жактоочу Токтакунова.