Программалык бюджет: Кыргызстандын шаарлары тажрыйба бѳлγшө баштады

«Борбор Азиядагы Евразия фонду» Коомдук фонду Нидерландын Королдугунун каржылоосу жана Саясат жана ѳнγгγγ институту менен ѳнѳктѳштγктѳ «Бюджеттик процесстин тунуктугу жана ага жарандардын катышуусу» долбоорунун алкагында Токмок жана Ноокат шаарларында мэрия кызматкерлерине тренинг ѳткѳрдγ. Ал машыгуулар ѳз шаарларын ѳнγктγрγп, программалык бюджетти жазууга γйрѳтѳт.

2017-жылдан тартып Кыргызстанда жаңы Бюджеттик кодекс ишке кирип, анын шарты боюнча жергиликтγγ ѳзγн-ѳзγ башкаруу органдары бюджети программалык тγрдѳ иштеп чыгууга милдеттендирилген. Бирок бардык эле шаарлар жана айыл ѳкмѳттѳрγ жаңы шарт менен иштеп кете алган жок, ошондуктан мына ушул долбоор жергиликтγγ органдарга жардам берип, бюджеттерин программалык тγрдѳ жазып чыгууга γйрѳтγγгѳ багытталган.

Программалык бюджеттин кадимки бюджеттен болгон негизги айырмасы – мамлекеттик саясат менен чыгымдардын стратегиялык багытын эсепке алуу. Бюджеттин мындай тγрγ аркылуу жарандарыбыз мэриянын, шаардык ишканалардын эффективдγγ ишине кѳзѳмѳл кылып, шаары же айылынын ѳнγгγγсγнѳ керектγγ болгон багыттарга жигердγγ катыша алат.

Долбоор иштей баштагандан бери, бир топ шаарда кызматкерлерге машыгуу ѳткѳрγлγп, жергиликтγγ органдар жана коомчулук менен алака табуу ыкмалары, айылдын муктаждыктарын аныктоодо жарандарды катыштыруу принциптерин γйрѳнγп калышты.

Жергиликтγγ тургундар менен шаарлардын негизги кѳйгѳйлѳрγ аныкталып, алардын негизинде социалдык-экономикалык ѳнγгγγ жана программалык бюджеттер иштелип чыкты.

Ноокат шаарынын мэринин аппаратынын жетекчиси Жолой Тиллаевдин айтымында, ошол долбоорлордун жардамы менен жергиликтγγ органдар ѳз ишмердγγлγгγн жаңы бюджеттик мыйзамдарга ылайык алып бара баштады.

«Менин оюмча, биз «Борбор Азиядагы Евразия фонду» Коомдук фонду менен биргелешип мыкты жетишкендиктерге жеттик. Биз семинар ѳткѳрγп, жергиликтγγ калк менен жолугуп, бюджеттик угууларды кантип ѳткѳрγп, программаны кантип иштеп чыгуу керектигин кѳрдγк. Жаны нерселерди γйрѳндγк. Учурда биз коомдук угууларды баштадык, алган билимибиздин жардамы менен аларды эффективдγγ ѳткѳрѳрγбγзгѳ кѳзγбγз жетти», – деди Жолой Тиллаев.

Жергиликтγγ бийлик ѳкγлдѳрγнγн айтымында, шаар бийлиги тургундардын бюджетти пландаштыруу боюнча пикирине назар салып, ал аймактын ѳнγгγγсγнѳ жардам берип, мамлекеттик кызматкерлеринин ишине таасир этип турат, себеби биргелешип иштѳѳ алдыга коюлган милдетти жемиштγγ аткарууга жардам берет.

«Бул ѳтѳ маанилγγ нерсе. Шаар жана айыл тургундарынын кѳбγ мамлекеттик кызматкерлердин ишине кайдыгер карап, алардын кызматын жакшыртууга катышпайт. Эми болсо бюджетти тγзγγгѳ катышкан тургундар «биздин добушубузду булар угат турбайбы» деп калаарына мен ишенем», – дейт Токмок шаарынын коммуналдык ишканалар комбинатынын экономисти Людмила Миронова.

Долбоор координаторлорунун айтымында, иш убагында жаны элемент пайда болду – шаарлар арасында тажрыйба алмашуу. Токмок мэриясынын кызматкерлери Ноокаттагы кесиптештеринин ишине кызыгып, тажрыйба менен бѳлγшγп, жаны ачылыштарды жасашты.

Долбоор алкагында тажрыйба бѳлγшγγ γчγн Токмок жана Ноокаттын кызматкерлери иш сапарына чыгышты. Токмок мэриясынын жергиликтγγ экономикалык ѳнγгγγ бѳлγмγнγн башчысы жана Токмок шаардык кеңешинин жооптуу катчысы Кабаева С.А. Ноокат жана Ош шаарларына барып келишти.

«Иш сапарынын жыйынтыгында мен Ош жана Ноокат шаарларынын жергиликтγγ коомчулук менен иштѳѳ тажрыйбасына ээ болуп келдим. Аймактын жашоосу бир аз башкача болгондуктан, кѳйгѳйлѳрγбγз окшош экен. Маселен, таштандыларды алып чыгуу, шаарды кѳрктѳндγрγγ жана башка маселелер. Бирок кѳйгѳйлѳрдγ чечγγ ыкмасы ар башка экен. Биз «Ноокат-Коммунальщик» аттуу чарбачылыгына бардык жетекчилери менен жолуктук. Ал жерден мамлекеттик айрым милдеттерин башкаларга тапшыруу, салык жыйноо, инвестицияларды тартуу, социалдык маселелер жана аймактын экономикасын ѳнγктγрγγ сыяктуу маселелер талкууга алынды. Ош жана Ноокат кесиптештерибиздин тажрыйбасын биздин шаарда да колдонуп кѳрѳлу деп жатабыз», – дейт Малабаева.

Буга чейин эки шаарда тең машыгуулар ѳтγп, шаарлардын негизги максаттарын аныктоо γчγн анкеталар толтурулуп, социалдык-экономикалык программалар жана программалык бюджет иштелип чыкты.

Долбоордун жыйынтыктоодо,аймакты ѳнγктγрγγнγн социалдык-экономикалык программасы иштелип чыгып, жергиликтγγ бюджетти аткаруу жана тγзγγ боюнча коомдук угуулар ѳтѳт. Учурда Токмок менен Ноокат шаарларынын мэрия кызматкерлери коомдук угууларга камданып жатышат. Бул иш-чара Октябрь айынын биринчи жарымында ѳткѳрүлмѳкчγ.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан