Эл аралык коуч бактылуу үй-бүлөнүн сырларын айтып берди

- Саламатсызбы Максат мырза?! Алгач эле сиздин тармагыңыз болгон лайф коучинг тууралуу сурагым келип турат.

– Саламатчылык. Лайф коучинг - бул жаңы түшүнүк. АКШда негизделген. Коучтордун психологдордон айырмасы бар. Психологдор көбүнесе стресске кабылган, депрессия абалынан чыга албай жүргөн адамдарга атайын ыкмаларды колдонуп, белгилүү бир процесстер аркылуу нормалдуу жашоого чыгарат. Ал эми коучтор психологдор кылган нерсени да кылат, бирок негизги багыты - нормадагы адамдын белгилүү бир машыгуудан кийин, потенциялын жогорулатат.

- Качантан бери коучинг кыласыз, деги эле коуч болууга эмне себеп болду?

- 6 жыл мурда Америка акцентинин Кытайда аябай бааланып жатканын угуп, ал жакка акцент тренери болуу үчүн баргам. Бир күнү жумуштан кийин үйгө келсем, келинчегим өзүн өнүктүрүү жаатында бир китеп окуп жатыптыр. Аны барактап жатып, “Жашооңдо сен дуушар болгон бардык нерсе нейтралдуу, болгону сен аны жакшы же жаман деп кабыл аласың” деген сүйлөм көңүлүмдү бурду. Дал ушул сүйлөм мени бул тармакка чумкуп кирип кетишиме себеп болуп, жашоомду түп тамыры менен өзгөрттү. Үйрөнгөн нерселеримдин дээрлик ар бирин тажрыйбадан өткөрүп, жашообуздан мисалдарды издеп, анализдеп отуруп кыйла өзүмдү өнүктүргөнгө жетиштим. Дүйнөнүн канча өлкөсүн кыдырсам да, чыныгы максатымды таппаптырмын. Кытайда жүрүп өзүмдүн эмне каалап жатканымды билдим. Чыныгы максатымды тапкан соң мурдатан кылып келе жаткан чакан бизнесимди ошол замат таштап салдым.

- Буга чейинки жашоо тажрыйбаңыз жана жетишкендиктериңиз тууралуу айтып берсеңиз?

Бишкектеги мектепти аяктагандан кийин, Германияда, андан кийин Америкада окудум. АКШда магистратурада окуп жүргөндө байкем “Орусияда Америка диплому жогору бааланат, бул жакка келип иштесең жакшы болот” деген сунуш жасады. Ошондо магистратурамды бүтүрбөй эле Москвага келип иштеп калдым. Алгач «Lacoste» француз компаниясында финансист андан кийин «Colins» деген түрк компаниясынын сатуу бөлүмүндө иштедим. Кийинчерээк жеке менчик мектептерде англис тилин үйрөтө баштадым. "Лукойл", «Газпром» сыяктуу компаниялардын ээлерине, ошондой эле «Яндекс», «Рамблер» деген компаниялардын администрациясына англис тилин, Америка акцентин үйрөттүм. Ошол эле учурда Москва шаарында биринчилерден болуп “Чет тил” деген тил борборун ачтым. 2017-жылы Кыргызстанга келип Акылбек, Чыңгыз деген жигиттер менен “WhatApp English” курсун ачтык. Бир жылдан кийин “WhatsApp Life Coaching” курсун ачып, бүгүнкү күнгө чейин адамдарды жашоого машыктырып келем. Учурда эл аралык “What & Why” деген компания ачып, дүйнөлүк коуч болуунун үстүндө иштеп жаткан кезим.

- Ватсаптан кантип машыктырасыз? Буга чейинки натыйжалуу машыгуулар тууралуу эки ооз сөз.

Ватсаптан группа ачып, бир канча күн үлгү аудио тренинг өтөм. Каалоочулар болсо 3 айлык акылуу программаны окушат. Коуч болууну каалаган машыгуучуларды өзүнчө машыктырам. Эң эле чоң жетишкендигим ажырашып кеткен 2 үй-бүлөнү белгилүү бир машыгуудан кийин жараштырдым. Бир бала үмүтсүздүктөн улам суицидге барайын деп жатканда аны менен сүйлөшүп, үмүт тартууладым. Андан сырткары, “колумдан келбейт” деп баарын таштап салган адамдардын ишенимин жогорулаттым, уялчаактык, тартынчаактык сыяктуу ар түрдүү комплекстеринен арылттым, сындардан коркуп кадам таштай албагандарга жардам бердим.

@maksat_muktarov
@life_coach_kg

Ватсап: +996 770 521 321


кошулду
Максат Муктаров - эл аралык коуч
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан