"Бакай Банктан" овердрафт – ылдам зайымга аз эле документтер керектелет

"Бакай Банк" - кыска мөөнөттү пайдалуу насыя - овердрафтты пайдаланууну сунуштайт. Англис тилинен "овердрафт" (overdraft) – "ашыкча сарптоо" деп которулат (over - ашыкча, draft – долбоор/чыгыша). Мындай насыя түрү ишенимдүү кардардын "Бакай Банктагы" эсебиндеги калдык суммасынан жогору өлчөмдө алдын ала белгиленген чек менен берилет.

Овердрафттын бардык артыкчылыктары жөнүндө "Бакай Банк" ААКсы төлөм тутумдары башкармасынын башчысы Чыңгыз Ташмамбетов буларды айтып берди.

Анын айтымында, "Бакай Банк" ушундай жол менен өз алдынча займ түрүн сунуштайт. Иш жүзүндө бул карта эсебиндеги акчаны ашыкча сарптоо катары көрүнөт, бирок пландалбаган чыгашалар үчүн пайдалуу резерв болуп калмакчы. Башкача айтканда, "Бакай Банк" кардарга ишенет жана форс-мажордук кырдаалдарда гана колдонууга мүмкүн болгон кандайдыр бир насыялык сумманы бере алат.

Ошондо овердрафт – бул кыска мөөнөттүү банктык насыянын эң жөнөкөй түрү болуп саналат.

Овердрафттын артыкчылыктары:

1. Банктар берген бардык насыялардын арасынан эң аз документ топтому керек.

2.Овердрафт бир жолу кошулат, аны менен кардар банк менен өз ара келишимдик алакасына ылайык келген жалпы мөөнөт алкагында же аманат жөнүндө келишимдин аягына чейин көп жолу колдоно алат (Банктын шарттары боюнча). Ал эми керектөө насыясын алууда сизге акча керек болгон учурда аны ар бир жолу кайрадан тариздөөгө туура келет.

3. Банктын алдындагы карызыңызды өз убагында төлөө жөнүндө тынчсыздануунун кереги жок. Овердрафт картага айлык акы же башка төлөм келип түшкөндө автоматтык түрдө дароо эсептелип алынат.

4. Овердрафт боюнча кошумча төлөөнүн өлчөмү өтө аз, анткени мындай насыянын мөөнөтү абдан кыска.

5. Убакыт жана акча коротуп, тааныш адамдардан карызга акча издөөнүн эч кандай зарылчылыгы жок.

6. Овердрафт алууда күрөө коюунун зарылдыгы жок, болгону "Байка Банктын" тейлөөсүндө болуу жетиштүү.

"Бакай Банктан" айлык акы картасы бар кардарлар үчүн "Бакай Банк" Овердрафт же "Чукул авансты" колдонууну сунуштайт. Аталган карта ээлери өздөрүнүн айлык акы картасы аркылуу үч айлык акы өлчөмүнө чейинки суммада ушул продуктудан пайдалана алышат. Ошондой эле Овердрафт "Бакай Банк" аманатчылары үчүн дагы жеткиликтүү.

"Мисал үчүн сизде айлык акы жана башка кирешелерди алган кадимки банк төлөм картасы бар. Сиз анда картага байланган эсепте турган акчалар менен гана операцияларды жүргүзө аласыз. Овердрафт болсо сиз ошол учурда өзүңүздүн картада болгон акчадан көбүрөөк акча сарптай аласыз дегенди түшүндүрөт. Бирок мында банк тарабынан белгилеген жана сиз андан ашык "минуска түшө албай турган" лимит бар. Бир ай аралыгында сиз овердрафтты бир нече жолу пайдалана аласыз: Сиз акча алганда эркин лимит азаят жана карызды төлөгөндөн кийин калыбына келтирилет. Банкка карызды төлөө картаны толуктоо жүргөн учурда ишке ашат", - деп белгиледи Чыңгыз Ташмамбетов.

Айлык акы овердрафты

Овердрафт айлык акы карталарына кошумча опция катары жүрөт же кийинчерээк карта ээсинин каалоосу боюнча кошулат (кардардын). Овердрафттын же "Чукул аванстын" лимити айлык акынын өлчөмүнүн белгилүү бир пайызы катары түзүлүшү мүмкүн, анткени ал үч айлык акыга теңдештирилет. Келишим менен аныкталган айлык акы келип түшкөндө, сумма автоматтык түрдө Овердрафтты жана анын пайыздары төлөөгө жөнөтүлөт.

"Сиз мекемеден жумуштан бошогондо лимит өчүрүлөрүн унутпаңыз. Эгерде сиз иш ордуңузду алмаштырууну чечсеңиз, анда сизге овердрафт боюнча карызыңызды толук төлөөгө туура келет. Эгерде сизде мындай мүмкүнчүлүк жок болсо, анда сөзсүз түрдө Бакай Банкка кайрылыңыз – насыя менеджери көйгөйдү чечүүнүн эң ыңгайлуу жолун тандайт", - деп билдирди Ташмамбетов.

Аманатчылар үчүн Овердрафт

"Бакай Банкта" сиздин депозитиңиз бар жана банк менен аны бузууда сиздин топтолгон дивиденттер күйүп кете турган келишим түзүлгөн дейли. Ошол эле учурда Овердрафт кызматы менен шашылыш акча керек болсо, анда аманат жөнүндө келишимди бузуунун кереги жок. Сиз өзүңүздүн депозиттин 80 пайызына чейинки суммада карыз акча ала аласыз.

Овердрафт лимити

Овердрафт лимити ар бир кардар үчүн анын кирешесинин (айлык акы, коммерциялык ишмердүүлүктөн түшкөн киреше, дивиденттер жекече белгиленет ж.б.у.с) же "Бакай Банктагы" депозитинин суммасына жараша аныкталат.

Толук маалымат үчүн номерлер: 0 (312) 61-00-61, уюлдук телефондон: 6111, WhatsApp +996 (554) 00-61-11, www.bakai.kg сайтынан.


"Бакай Банк" ААКсы - 20 жылдан ашык мезгилден бери Кыргыз мамлекетинин жашоочуларына финансылык кызматтын кеңири түрүн көрсөтүп келе жатат. Азыркы учурда өлкөнүн бардык аймактарында банктын 76 сактык кассасы жана филиалдары бардык кардарларга бат жана ыңгайлуу тейлөөлөрдү жүргүзүп келет.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан