Келечекте Кыргызстанды эмнелер күтөт? "Шоро" менен биргеликте жооп издейбиз

Бир күнү баары же болбосо дээрлик баары өзгөрөт. "Шоро" компаниясы Кыргызстандын келечеги боюнча рекламалык кампания жүргүздү. Ал видеороликти көрсөтүүдөн башталды. Анда көрүүчү Кыргызстандын келечегине сүңгүп кирип, бала кезинен бери тааныш болгон адамдардын 10 жылдан кийинки образын көрөт. Албетте, канча убакыт өткөнүнө карабай, өлкөнүн келечегинде улуттук суусундуктар жана Шоро байке да бар.

"Шоро" компаниясы Чыңгыз Айтматовдун аты коюлган жай, комуз чыккан завод, дрон-жеткирүүчүлөр жана башка көптөгөн нерселер бар таң калычтуу дүйнө жөнүндө кыялданып көрдү. Технологдор дүйнөнү баштан аяк өзгөртүшү мүмкүн, бирок бул компания салтка берилгендигин улантып, алгачкы рецебин сактап калуу менен муундан-муунга өткөрүлө берет. Тээ, бир нече мезгилдерден кийин да ар бир адам "Шоронун" продукцияларынын жагымдуу даамынан ырахат ала алат", - деди ишкананын маркетинг жана өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Дильбар Тургунбаева.

Жогоруда сөз кылган видеоролик Инстаграмга жүктөлгөндөн кийин ар түрдүү сынактар да өткөрүлдү. Анда катталуучулар биздин өлкөдө качан метро курулат, Бишкектин кайсы районунда стадион салынат, кайсы жылдары дрон-жеткирүүчү "Шоронун" продукцияларын керектөөчүлөргө жеткирет деген суроолорго жооп жөнөтүштү. Мындай сынактарда балдар да көңүлдөн сырт калган жок, аларга Кыргызстандын келечегин сүрөттөгөн өзүнчө сынак өттү.

Мындан тышкары, Instagram'дын колдонуучуларында Шоро байкенин AR-бет кабы менен Stories жүктөө мүмкүнчүлүгү болду. Бул бет капты сиз да тагынып көрсөңүз болот. Ал үчүн @shorokgz баракчасына кирип, AR-маска рубрикаторун басасыз дагы Шоро байкенин образындагы сүрөтүңүздү катталуучуларга бөлүшө аласыз.

"Шоро" компаниясы трендден артта калбай, реалдуулуктун элементтери менен толукталган атайын мобилдик тиркемени иштеп чыкты, ал оюнда колдонулду. Анда ишкананын Instagram'дагы баракчасында Stories'ке бочкалардын локациясы жарыяланган. Оюндун катышуучусу камераны бочкага алып барганда, Шоро байкенин голограммасы көрүнөт да, ага виртуалдык кат жөнөтүлөт. Оюнчу Кыргызстандын келечеги жөнүндө кат жөнөтүлгөн 10 чекитти ачышы керек.

Эмне үчүн "Шоро" баардык жарандарды өлкөнүн келечеги тууралуу кыялданууга чакырып жатканын компаниянын PR-менеджери Канат Кубатбеков айтып берди.

"А сиз өзүңүздүн келечегиңизди элестетип көрдүңүз беле? Балким сиздин ой чабытыңызда машиналар асманга учуп жаткандыр? Же болбосо роботтор көчөдө сейилдеп жүрөбү? Кыялдар - реалдуулуктун образы. "Шоро" компаниясынын негиздөөчүлөрү да кыялкечтер болушкан. 1992-жылы улуттук суусундуктун рецептерин ушунчалык көп эл жактырып, ал Кыргызстандагы эң белгилүү компаниянын түзүлүшүнүн пайдубалы болот деп эч ким ишенген эмес. Бирок ага-ини Эгембердиевдер кыялданууну токтотпой, келечекке оптимисттик ойдо карашкан. Ошол кыялдар реалдуулукка айланып, "Шоро" компаниясы биздин өлкөдөгү эң технологиясы өнүккөн компаниялардын бири болду. Азыр баарыбызга көнүмүш көрүнүп калган бочкалардын кол чатыр алдында тургандыгы да бир кездеги ойлоп табуучулук болчу. Ал эми айрымдары курутту атайын баштыкча менен сатууга абдан таңданган. Дагы айта кетүүчү нерсе - "Шоро" жаратылыш суусун бөтөлкөгө куюп саткан биринчи өндүрүшчү болгон.

Негизделгенден тартып 27 жыл аралыгында "Шоро" компаниясы өндүрүмүн кеңейтип, продукцияларынын санын арттырып, сырткы таңгактарын жакшыртып келе жатат", - деди ал.


кошулду
Келечекте Кыргызстанды эмнелер күтөт?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан