"Fresco" балмуздактарын чыгарган ишкер Алима Исманкулова: "Бакай Банкты" өспүрүм кезимен бери тандайм”

"Fresco'нун" ээси Алима Исманкулова мезгилдик сатуу боюнча кандай күрөшөт, фрескомобилдин баасы канча турат, совет мезгилиндеги балмуздактын даамын кайталоо канчалык татаал жана эмне үчүн өзүнүн бизнесине насыя алууда жана тейлөөдө "Бакай Банкты" тандагандыгы боюнча айтып берди.

- «Fresco» балмуздагы качан башталган?

- Мындан жети жыл мурун банк тармагында иштеп жүргөндө бул жаатта каатчылык башталган. Ошондо мен кол өнөрчүлүк, өзүм жасаган нерсени кылууну каалап жатканымды сездим. Балалык кезимде чоң ата жана чоң апам менен Дзержинск жана Киев көчөлөрүнүн кечилишиндеги павильонго барып, балмуздак жеген кез боюнча ностальгия болчумун. Ал кезде жаан же кар жаайбы, аба ырайы кандай болбосун балмуздакка барчубуз. Мага ошол атмосфераны жаратып, ошол балмуздакты кайра өндүргүм келди.

Бишкекте ал кезде ошондой балмуздактын сапатындай жок эле. Мен балмуздакты өндүрүү боюнча изилдеп баштадым, Болонья шаарындагы Балмуздак университетинде бул продуктту өндүрүү боюнча атайын курстарды окудум. Италияга барып, заводдорду кыдырдым, анын өндүрүү жабдууларын жана балмуздактарын татып көрдүм. Арадан бир канча убакыттан кийин балмуздак чыгаруу өндүрүшүн ачайын деп чечтим.

Биздин продукт – бул балалык кездеги жагымдуу учурду эстөө жана жаңы жагымдуу маанайды бүгүн тартуулоо. Жалпылап айтканда, кирешелүү бизнес.

Балмуздакты өндүрүү боюнча айтсам, жолдошум экөөбүз мыкты технолог-долбоорчуну көпкө издедик. Аны тапкандан кийин дагы бир жыл санэпидемстанция жана техникалык регламентке жооп берген имаратты бир жыл издедик. Кыскача айтканда, менин бизнесим ушинтип башталган.

- «Бишкек Сүт» балмуздагынын даамын чыгарып көрүү белгилүү окуя болгон. Айтып берсеңиз, ишке ашты беле?

- Мен «Бишкек Сүт» чыгарган советтик классикалык балмуздактын сүйүүчүсү болгондуктан, аталган компаниянын башкы директору Маргарита Николаевна Румянцевага кайрылдым. Мен ага өзүм жөнүндө айттым, алардын продуктусу мага жагарын айтып, өзүмдүн балмуздагымды ооз тийгиздим. Анын биздин балмуздактын сапатын жана натуралдуулугун мактаганы мен үчүн күтүүсүз жана жагымдуу болгон. Мен балалык кезимде башкы технолог болуп дал ушул адам иштечү экен да, Румянцева жумуштун акыркы жыйынтыгын өзү текшерчү экен.

Мен андан крем-брюле жана пломбирдин рецептерин сурадым, ал өзүнүн эски жазылгандарын мага жөн эле бергени да таң калтырды. Биз өзүбүздүн продуктубузга алгачкы даамдарын чыгарууга аракет кылдык. Тилекке каршы, азыркы кошулмалардын сапаты мурункудай эмес, андыктан толугу менен даамды кайталоо мүмкүн болгон жок. Ошондой эле биздин өндүрүш дал өзүндөй кылып өндүрбөйт: мисалы, эки түрдүү коютулган сүттү өзүбүз кайнатабыз. Советтик рецепттеги балмуздактын кошулмасында вафлинин күкүмдөрү кошулчу, аларды азыр кайдан табабыз? Буга карабай, биз балмуздактарыбызды советтик мезгилдегидей даамын жана сапатын чыгарууга аракет кылдык.

- Кыргызстанда жүргүзгөн бизнесиңиздин кандай өзгөчөлүктөрү бар?

- Кыргызстандын рыногу жакшы тилекке каршы, анчалык чоң эмес. Бирок өндүрүш жагынан караганда Кыргызстан идеалдуу өлкө. Бизде эң даамдуу жана сапаттуу сүт, мыкты климаттын эсебинен жемиштерди, мөмө жана жаңактарды өстүрүүгө болот. Алсак, Казакстанда биз көпчүлүк учурда сапаттуу жергиликтүү кошулмалардын жетишсиздигине туш болобуз. Бизде болсо бардыгы даамдуу, жаңы, андыктан бул биздин продуктуга таасирин тийгизет. Андыктан, Кыргызстан балмуздакты өндүрүп, коңшу өлкөлөргө эскпорт кылуу үчүн идеалдуу.

- Азыркы учурда балмуздакты эскпорт кыласыңарбы?

- Жок.

- Fresco балмуздактары унаадан сатууну алгачкы болуп баштады. Биринчи болгондо кандай татаалдыктар болду?

- Биринчи жолу ачкандар көбүнесе ишмердүүлүгүнүн кайсы бир учурунда мыйзамдуу боло электиги болуп калат. Бизде мындай көйгөй жерди ижарага алууда жаралды. Бизде ар бир унаабыздын санитардык паспорту бар, ишмердүүлүк кылган жерибиздеги таштандылар үчүн «Тазалык» менен келишим түзүп, төлөйбүз. Сатуучулардын тийиштүү санитардык китепчелери бар. Бирок буга карабай, жерге болгон ижарага жалпы уруксат бир канча жылдан бери ала албай келебиз – мыйзам боюнча каралган эмес экен. Автодон сатуудан ижара алуу мамлекетке үчүн кошумча киреше болмок алсак, Казакстанда ошондой. Ал жакта мобилдик сатуу боюнча мыйзам бир канча жолу каралып, дүйнөдө болуп жаткан учурларга байланыштуу иштелип чыккан.

Чындыгында, мобилдик сатуу боюнча биз биринчи жолу унааларды алып келдик. Бул жааттагы коопсуздук эске алып, эң мыкты делген компания – "Whitby Morrison" компаниясынын унаалрын алдык. Алардын өндүрүш стандарты ISO, ички топтому бардык тамак-аш коопсуздугуна жооп берет (ички кол жууганга ысык суусу бар). Машина экологиялык жактан таза, кыймылдаткыч күйгөн учурда ал иштебейт же муздаткычтагы температуранын минустугун сактап туруусу үчүн дизель-генаратор иштеп, айлана-чөйрөнүн абасын бузбайт. Биз биринчи жолу унаада балмуздакты сатуу форматын баштадык. Эркиндик бульварындагы үй-бүлөсү менен сейилдеген атмосфера бизден улам пайда болду деп ишенгим келет. Бул албетте, жакшы да.

- Фрескомобиль канча турат?

- Бардык комплектациясы бар машина 75 миң фунт турат.

- Кайсы убакытта чыгашасыздакка чыктыңар?

- 2-3 жылдан кийин болуш керек. Биз дароо италиялык сапаттуу, өндүрүш жагынан кубаттуу болгон жана келечекти карап алганбыз.

- Учурда канча сатуу ордуңар бар?

- Азыркы учурда, төрт сатуу ордубуз бар. Анын үчөөсү мобилдик, бирөөсү – стационардык. Ошондой эле дагы жетиси жылдын соңуна чейин ачылат. Ошондо үчөө сезондук, 8 машина жыл сайын иштеген болот. Жалпы 11.

- Кайсы балмуздак эң популярдуу?

- Мисте менен. Эң популярдуу даам. Бул эң көп сатылган балмуздак. Бул балмуздак өндүрүүдө да татаал жана кымбат. Анткени, Кыргызстандын түштүгүнөн алынган мистени бизге жеткирүүдө тазалашат. Андан кийин дагы баарыбыз дагы калдыктары калып калбагандай кылып тазалайбыз. Андан кийин мисте көгөрбөгөндөн кийин меште дагы кошумча термикалык иштетүүдөн өтөт. Андан кийин коллоиддик тегирменде майдаланып, ошондо гана балмуздакка кошулат. Даяр болгон балмуздакка эмнеден жасалганын көрсөтүү үчүн бүтүн мистелер коюлат.

Frescoдо кызматкерлердин саны канча?

Биздин өзүбүздүн командабыз анчалык чоң эмес, бирок натыйжалуу. Биз менен чогуу сатуучуларды кошкондо 30 адам. Биз бул жактан көп кошулмаларды алгандыктан көптөгөн кичи ферма жана чарбалардан сатып алабыз. Андыктан, балмуздакты чыгарууда башынан аягына чейин жүздөгөн кызматкерлер катышат деп ишенимдүү түрдө айтса болот.

- Силер үчүн сезондук мезгил абдан маанилүү. Анда кантип иштейсиңер?

- Балмуздак чындыгында, сезондук продукт. Бул соода борборлорунда кошумча сатуу ордуларын ачып жаткандыгыбыздын башкы себеби. Кардарларыбыз үчүн жылдын ар мезгилинде жеткиликтүү болуубуз үчүн жана кышкы мезгилде да сатуу үчүн. Азыркы учурда кышында да сатуу көрсөткүчүбуз да жаман эмес. Бүткүл дүйнө жүзүндө балмуздактын кышкы сатуу көлөмү жайындагыдан 10 пайызын түзөт. Биз 30 пайызга чейин жеткирдик.

- Силерде сатуу ордуларыңар үч эсе көбөйөт экен. «Бакай Банктын» кандай тиешеси бар?

- Азыркы учурда соода ордуларын көбөйтүү боюнча банктан насыя алуу үчүн билдирме даярдап жатабыз. Ошондой эле кардарлар үчүн ыңгайлуу жана жеткиликтүү болуусу үчүн аталган банктын POS-терминалдарын коюну көздөп жатабыз. Бул көбүнесе Эркиндик бульварында балмуздакка келген чет элдик жарандарга ыңгайлуу болот.

Мындан тышкары, нак эмес акча менен иш жүргүзгөн чет элдик жабдып туруучуларыбыз көп. Алсак, бизге атайын таңгак жана кагаз стаканчик чыгарган италиялык компания. Көпчүлүк жабдыктарды биз чет өлкөдөн алабыз. Мындай эсептер «Бакай Банк» аркылуу жасалат. Айта кетчү жагдай, бардык транзакциялар ылдам жана катасыз жүрөт.

- Эмне үчүн «Бакай Банкты» тандадыңыз?

- «Бакай Банк» менен болгон мамилем үй-бүлөлүк бизнесибизде иштеп жүргөндө эле башталган. Менин билимим финансы жаатында болгон, андыктан банктан эсеп ачуу үчүн өлкөдөгү эң мыкты банктан эсеп ачуу керектигин табышташкан. Менин колумда университеттеги «Банктык ишмердүүлүк» сабагынын жаңы изилдөөсү бар эле, анда биз бир канча банктын отчётторун изилдеп, кайсы банк өлкөдө эң стабилдүү жана мыкты келечеги бар экендигин аныктаганбыз. Менин оюмча, «Бакай банк» банктардын арасынан 1-орунда болчу, андыктан эсепти ушул банктан ачууну сунуштадым. Бул тандоого ыраазы экенимди ачык эле айта алам. Ушунча убакыт бою банктын жетекчиси жана кызматкерлери биздин суроо-талаптарыбызды уга билип, биз үчун да, банк үчун да ылайыктуу болгон келишимдин шарттарын сунуштап келет. Мына бүгүнкү күндө 15 жылдан кийин, биз тараптан бир канча компаниялар «Бакай банк» менен ырахаттануу менен иштеп келебиз.

Fresco'нун кийинки кадамдары кандай болот?

Кыскача айтканда, өлкөнүн түштүк жагын жана Ысык-Көл аймагын өздөштүрүү. Бизди ал жакта көптөн бери күтүп жатышат. Ал жакка түзмө-түз сатуу ордулары менен чыгабыз. Ош шаарында биздин балмуздактар сатылып жатат, бирок соода борборлорунан. Бишкектен башка аймактагылар да Fresco балмуздагынын даамын татсын деген тилектерибиз бар. Ошондой эле коңшу өлкөлөрдөгү чоң рынокторго чыгуу пландарыбыз бар. Ал жакка кантип чыгабыз деген иштер азыркы тапта иштелип жатат. Бирден бир варианты – жергиликтүү ишкерлерге франшиза сунуштоо менен чыгуу.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан