Elite House компаниясы Спорт сарайын реконструкциялоо ишине бардык шаар тургундарын жана ишкерлерди катышууга чакырат

Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайы 1974-жылы курулган. Бул жыл аралыгында ал биздин өлкөнүн спорт жана маданий жашоосунун абдан маанилүү объектиси болуп калды. Дал ушул жайда ири спорттук мелдештер, иш-чаралар, жергиликтүү жана чет элдик артисттердин катышуусунда концерттер өтүп келет.

Elite House компаниясы жоопкерчиликтүү корпоративдик-социалдык саясатты жүргүзөт. Анын алкагында Бишкекке көмөк көрсөтүп, Спорт сарайынын реконструкциясы жана өнүгүүсүнө өз салымын кошуп жатат. Бүгүнкү күнгө карата оңдоо иштери аягына чыга электигин белгилей кетүү керек. Отургучтарды алмаштыруу Elite House компаниясы тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштердин биринчи эле баскычы. Жакынкы аралыкта сахнанын көшөгөсү жана залдагы көрсөткүчтөр да алмаштырылат. Андан тышкары, аныкталган бюджетке ылайык, Спорт сарайынын администрациясы тарабынан айтылган башка маселелер чечилет.

Elite House компаниясы жана Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайынын ортосунда мамлекеттик-жеке жактын өнөктөштүгү тууралуу макулдашууга кол коюлган. Анын алкагында, компания концерттик залдын реконструкциясы боюнча иштерди жүргүзүүдө. Elite House толугу менен өзүнө алган милдеттемелерди аткарып жатат жана макулдашууда аныкталган мөөнөттүн ичинде аягына чыгарат.

Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайы сыяктуу республикалык маанидеги маанилүү объектинин тагдырына коомчулук көңүлкош карабаганы кубанычтуу.

Elite House компаниясы концерттик залдын реконструкциясына коротуп жаткан салымына карата көңүл буруу позитивдүү нукка багыт алат деп ниет кылат. Муну менен Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайынын реконструкциясына жана анын кийинки өнүгүүсүнө шаардыктар да, ишкерлер да колдон келишинче салым кошкон болот.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан