Тимур Файзиев: "Elite House маданият объектилерин оңдоо боюнча челлендж жарыялайт"

2019-жылдын 24-октябрында Elite House компаниясы Кожомкул атындагы Спорт сарайын реконструкциялоо боюнча маалымат жыйын өткөрдү. Буга коомчулук жана массалык маалымат каражаттарында кызуу талкуу жаралганы үчүн ушундай чечим болгон.

Компаниянын башкы директору Тимур Файзиев Elite House корпоративдик-социалдык жоопкерчилик программасынын негизинде реконструкция жүргөндүгүн билдирди.

Мындан тышкары, ал компания Бишкек жана башка аймактардагы маданият имараттарын дагы оңдоп-түзөө иштери жүрүп турарын белгиледи.

Тимур Файзиев өлкө боюнча маданият объектилерин оңдоо боюнча челлендж жарыялап, Кыргызстандын бизнес-секторун бул демилгени колдоого чакырды.

"Биз мамлекеттен талап кылганды токтотуп, өзүбүз дагы салымдарыбызды кошолу. Келгиле, бири-бирибизди сыйлайлы, ишенели, өз ара аракеттешип өлкөбүздү өнүктүрөлү", – деди Тимур Файзиев.

Спорт сарайынын директорунун орун басары Самат Токтоналиев Спорт сарайынын жетекчилиги буга чейин бир канча жолу коммерциялык ишканаларга кызматташуу тууралуу кайрылганын жана бир гана Elite House бул өтүнүчкө жооп кайтарганын айтты.

"Мамлекет тарабынан спорттук жана маданият объектилерине каражат бөлүнүп берилет, биз жеке секторду да буга тартып көрдүк. Мындан улам, бюджеттик каражат үнөмдөлөт", – деп белгиледи Токтоналиев.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан