Бүгүн, 28-июнда Жогорку Кеңештин комитетинде "Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзам долбоору каралды. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, баяндаманы финансы министри Бактыгүл Жээнбаева, экономика министри Санжар Муканбетов, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев, Мамлекеттик Бажы кызматынын төрагасы Алтынбек Торутаев, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы Жылдызбек Исакулов жасайт.
Мындан тышкары, Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында дагы бир маселе каралат.