Жаңы конуш кут болсун: “Royal Construction” компаниясы "Кожомкул +" турак-жай комплексин жашоочуларына тапшырды

Өлкөбүздүн алдыңкы курулуш компанияларынын бири болгон “Royal Construction” жакында эле “Кожомкул+” деп аталган турак-жай комплексинин курулуш ишин жыйынтыктады. 24-октябрь күнү компания үйдүн жашоочуларына ачкычтарды салтанаттуу түрдө тапшырды. Баса, мурда компания “Капитал Строй Инвест” деген ысмы менен элге таанымал.

Жаңы конуштун тургундарын бул маанилүү күн менен куттуктап Бишкектин 5 жылдыз “Шератон” мейманканасында атайын шоу-программа уюштурулуп, баалуу белектер ойнотулду.

Жаңы конуштун бактылуу жашоочулары

Жаңы турак-жай комплексинен колдоруна көптөн күткөн батирлеринин ачкычын алган тургундардын кубанычында чек жок эле.

Бекбоевдердин үй-бүлөсү сатып алган бул батир алардын алгачкы турак- жайы экенин айтышып, кыялдары орундалганын бактылуу сезимдер менен бөлүшүштү:

Биз үчүн жана 1 жашка чыккан кызыбыз үчүн – бул чоң майрам. Жубайым экөөбүз 2017-жылы баш кошконбуз. Ошондон бери бул учурду аябай күткөн элек. Биргеликте чоң мээнет кылып тапкан алгачкы үйүбүздү ушундай сапаттуу курулуштан сатып алганыбызга кубанып жатабыз”,-дешти алар.

Чексиз кубанычы менен 7 баланын бактылуу энеси Малике Эрматова дагы бөлүштү. Ал батир тандоо маселесине үй-бүлөсү менен абдан кылдат мамиле кылышканын айтты. Маселен, үйдүн жакшы райондон орун алышы, айланасындагы инфраструктура, борбордук байланыштар жана курулуш материалдарынын сапаты, мунун баары алар үчүн өтө маанилүү эле.

Биз батирди көпкө чейин издеп, тандап жүрдүк. “Royal Construction” курулуш компаниясынын «Кожомкул +» объектисин көргөнүбүздө бул биз издеген үй экенин дароо түшүндүк. Бул турак-жай комплексинде жашоочулардын ыңгайлуулугу үчүн көп нерселер эске алынганы бизди ыраазы кылды. Сүйүктүү борборубузду мына ушундай курулуш үйлөрү кооздоп, ал эми анын ичинде бактылуу үй-бүлөлөр бейпилдикте жашашын каалайт элем”,- деди Малике Эрматова.

Надежда Харасова болсо иш-чарага жээни менен келген. Ал Бишкекте төрөлүп, чоңоюп, бирок көп убакыттан бери Орусияда жашап, иштеп жаткан эжеси Ирина Шептиконун батиринин ачкычын алды.

Эжем карылыгын туулган жери Бишкекте өткөргүсү келет. Ошондуктан, ал бул жактан батир сатып алууну чечти. Үй тандоодо биз биринчи кезекте анын жайгашкан жерине көңүл бурдук. Үйүбүздүн шаарыбыздын борборунда, балдарыбызга жакын жерде болушун кааладык. Анткени неберелерибиз менен бат-бат көрүшүп, сейилдеп, жашоонун ырахатын таткыбыз келет. Биз өз чечимибизге абдан ыраазыбыз. Компания абдан ишеничтүү, анын кызматкерлери болсо ак ниет жана сылык. Башкысы, биз батирибизди убадаланган мезгилде алдык. Компания толугу менен өз убадаларына турушту. Ал эми бүгүнкү кеч болсо чыныгы майрам болуп жатат. Кошуналарыбыз менен таанышып, белектерди алып, ойдогудай эс алдык”.

Өзүбүз үчүн курабыз

“Royal Construction” компаниясынын баса белгилей турчу өзгөчөлүгү-бул курулуштардын сапаттуулугу жана объекттерди долбоорлоо иштерине өтө кылдат мамиле жасаганы.

Бийик бөлмөлөр, сапаттуу, инновациялык курулуш материалдары, панорамалык көрүнүштү бере турчу терезелер, көчүп келгендеги алгачкы мүнөттөрдөн тарта сезиле турчу комфорт, мунун баары - “Royal Construction” курулуштарында камтылган.

Компаниянын башкы директору Мирлан Акжигитов төмөндөгүлөргө токтолду:

Биздин ар бир курулушубуз - бул бардык кызматкерлердин жумуштун ар бир баскычындагы кылдат иши. Биз ар дайым сапаттуу жана текшерилген материалдарды колдонууга, инновация жана жаңы смарт-технологияны киргизгенге умтулабыз. «Кожомкул+» курулуш комплексине биз курулуштун жогорку стандарттарын колдонууга талап койдук да, анан аларды толугу менен аткардык. Айтсак, турак-жай комплекси инфраструктурасы өнүккөн престиждүү райондо курулду, сапаттуу коопсуздук системасы, кылдат ойлонуштурулган долбоорлоо, бөлмөлөрдүн бийиктигинин 3 метрден жогору болушу. Эми биз күткөн күн да келип, бүгүн кардарларыбыз менен биргеликте бул чоң саамалыкты майрамдап жатканыбызга абдан кубанып отурабыз”, - дейт Мирлан мырза.

Айтмакчы, жаңы «Кожомкул +» объектинде компаниянын өзүнүн кеңсеси да жайгашмакчы. Royal Construction” компаниясы мындай кадамды өзүнө жакшы салт кылып алган. Эми жашоочулар үчүн дагы бир ыңгайлуулук - бул алардын үйгө байланыштуу кандайдыр бир суроолору пайда болсо, каалаган убагында компаниянын кызматкерлерине кайрыла алышат.

Белектер жана сюрприздер

Майрамдын атмосферасы иш-чаранын ар бир катышуучусунун жүрөгүнөн түнөк тапты десек жаңылышпайбыз. Бул күнү жаңы конуш ээлеринин арасында баалуу белектер ойнотулду: заманбап телевизорлор, эки камералуу муздаткычтар, электр мештери, чаң соргуч жана башка көптөгөн белектер.

Жаңы конуш ээси Таалайгүл Султаналиева компаниянын атынан мындай чоң майрамды күтпөгөнүн билдирди:

Мен компаниянын кардарларына болгон жылуу мамилесине ушунчалык ыраазы болуп жатам. Бүгүнкү майрам мындай көрктүү болуп, көптөгөн баалуу белектерди утуп аларыбызды, чынын айтканда, күткөн эмес элем. Муздаткыч утуп алдык, эми аны жаңы конушубузга коебуз. Компанияга терең ыраазычылык”,-деди ал.

Баарынан да курулуш ишин баштан аяк башкарган прораб үчүн бул күн күтүүсүз болду. Анткени ага жетекчилик тарабынан Mercedes-Benz W212 автоунаасы белекке берилди. Бул анын сапаттуу жана өз убагында бүткөрүлгөн эмгеги үчүн арналды.

Компаниянын жетекчилиги талапты катуу койду. Турак жайды куруу ишин жогорку сапатта аткаруу жана объектини өз убагында өткөрүп берүү керек эле. Жакшы жумуш үчүн бонус болорун айтышкан. Бирок мен ал бонус ушунчалдык баалуу болорун күткөн эмес элем. Чоң рахмат! Мындай компанияда мындан ары да иштеп, дагы да өнүккүң келет”, - деди прораб Тынычбек Урманбетов.

Иш-чаранын бардык катышуучулары үчүн дагы бир финалдык белек бар эле. Ал - шаарыбыздын жогорку бөлүгүндө курула турчу компаниянын жаңы “Royal” аттуу объектисинин презентациясы.

“Биз ар дайым кардарларыбызга мыкты варианттарды сунуштаганга умтулабыз. Объектилерибизди эс алуу зоналарына жакын жерде, транспорттук ыңгайлуулуктарды эске алуу менен курабыз. Эмдиги жаңы курулушубуз, буюрса, шаарыбыздын эң экологиялык таза аймагынан орун алат”, -деген пландары менен бөлүшүп өтүү компаниянын коммерциялык директору Бектур Садыров.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан