Орусиянын "Гемотест" лабораториясынын бөлүмдѳр тармагы эми Кыргызстанда

Кыргызстандын үч шаарында – Бишкекте, Ошто жана Токмокто – Орусиянын белгилүү «Гемотест» лабораториясынын бѳлүмдѳрү иштеп жатат.

«Гемотест» лабораториясы Орусиянын рыногунда 16 жылдан бери иштеп келе жатат. Бул убакыт аралыгында федералдык лабораторияга айланды, азыркы учурда лабораториянын тармагы 280 шаарда жайгашкан 700 бөлүмдѳн турат жана жыл сайын 5 миллиондон ашык бейтапты тейлейт. 4000 чарчы метр аянты бар автоматташтырылган лабораторияда жыл сайын эл аралык стандарттарга жана сапат көзөмөлүнө карата талаптарга жооп берген 55 миллиондон ашык тест жүргүзүлѳт.

«Гемотест» лабораториясынын Кыргызстандагы иши кандай жүргүзүлѳт?

Кыргызстанда төрт «Гемотест» лабораториялык бөлүмү иштейт, эки бөлүмү Бишкекте, бир бөлүмү Ошто, бир бѳлүмү Токмокто жайгашкан. Бишкектин ар бир тургуну ѳз үйүндѳ анализ тапшыра алат – шаардын ар бир чекити үчүн чыгуучу медициналык бригаданын кызматы акысыз. Андан тышкары, Бишкектеги бѳлүмүндѳ педиатр, гинеколог же терапевт-гастроэнтеролог доктуруна кабыл алууга жазылса болот.

«Гемотест» лабораториясында эркектер, аялдар жана балдар үчүн комплекстүү лабораториялык изилдѳѳлѳр (чек-аптар) жүргүзүлѳт: алар адамдын жаш курагынын ѳзгѳчѳлүктѳрүн эске алуу менен түзүлүп, ден соолуктагы бузулуулардын ооруга ѳтүшүп кетүүсүнүн алдын алууга жардам берет. Ошондой эле машыгуулар менен алектенгендер жана диета кармагандар үчүн атайын программа бар: ден соолукка карата оор жүктѳмдѳр жѳнүндѳ чечим кабыл алуунун алдында ден соолуктун мүмкүнчүлүгүн жана чектѳѳлѳрдү билип алууга болот.

Кѳпчүлүк анализдердин жыйынтыгы биоматериал алынган күндүн эртеси даяр болот. Анализдердин жыйынтыгын www.gemotest.ru сайтындагы ѳздүк баракчадан, кат жүзүндѳ жеке электрондук почта аркылуу же каалаган лабораториялык бѳлүмдѳн алып кетүүгѳ болот. Биздин кеңеш берүүчү доктурлар 0800 111 88 88 акысыз номуру аркылуу анализдин жыйынтыгын чечмелеп, кеңештерин беришет.

Эмне үчүн «Гемотест»?

Бардык анализдерди бир жерде тапшырууга болот. «Гемотест» 2500 ашык: кандын жалпы анализинен баштап татаал жана уникалдуу анализдерге изилдѳѳлѳрдү жүргүзѳт.

Жыйынтык бир күндөн кийин чыгарылат. Көпчүлүк анализдер 1 күндөн кийин белгилүү болот.

Дартты так аныктоо. Бейтаптын катышуусунда ар бир пробиркага бѳтѳнчѳ штрих-код коюлат жана дароо лабораториянын системасына киргизилет: мындай белгиси бар анализди жоготуп же алмаштырып алууга мүмкүн эмес.

Бардык анализдерге арзандатуулар. «Гемотест» лабораториясынын баасы - рыноктун орто баасы, ал эми кошумча үнѳмдѳѳгѳ бонустук программа жардам берет: ар бир заказ берүүдѳ баллдарды топтоңуз жана аларды кийинки изилдѳѳлѳрдү тѳлѳѳгѳ жумшаңыз. 25 жаштан кичүү жана 55 жаштан улуу бейтаптар үчүн жуманын ар бир күнүндѳ 5% арзандатуу берилет.

Акциялар жана акысыз кызматтар. Сиз азыр эле алдыңкы педиатр И.В.Пономаревго акысыз кабыл алууга жазылсаныз болот. Бул акция ар бир ишембиде саат 09:00дѳн – 13:00гѳ чейин Бишкек шаары, Армейская кѳчѳсү, 150 дареги боюнча жүргүзүлѳт.

Кененирээк маалыматты биздин www.gemotest.ru сайтыбыздан, 0800 111 88 88 телефону аркылуу, ошондой эле Facebook @gemotestlabkg жана Instagram @gemotestkg баракчаларынан алууга болот.

Саламатта болуңуз жана ден соолукка кам кѳрүңүз!


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан