Өзөк жалгоого макулсузбу же каршысызбы?

Өзөк жалгоо – бул мүнөздөп тамак ичүүдөгү эң жагымдуу учур. Биз тамактанууну чектегендерден эмеспиз, биз тең салмактуу тамактанууну тандайбыз. Туура тамактануудагы өзөк жалгоонун ролу тууралуу Herbalife Nutrition компаниясынын тамактануу боюнча эксперти Алмагуль Ержекенова айтып берет.

Өзөк жалгоо - бул ар бир адамдын жеке иши

Ар бир адам өзөк жалгап алышы шарт деген түшүнүк дегеле туура эмес. Биринчи кезекте адам өзүнүн каалоосун билип алышы керек. Эгерде Сиз тамактануудан кийин өзүңүздү жакшы сезсеңиз, кийинки тамактанууга чейин ачка болуу сезимине кабылбасаңыз, анда сизге шам-шум этүүнүн кереги жок. Эгер түшкү тамактануудан кийин сыр менен бутерброд жегиңиз келип, оюңуздан чыкпай жатса, жеп алганыңыз оң. Анткени ал сизге пайдалуу болот.

Салмакты азайтуу үчүн тамактануу программасындагы өзөк жалгоонун негизги максаты - ачка болууну көзөмөлдөө. Муну менен тамакка болгон табитти жөнгө салып, көрүнгөн азыкка кол салып, баарын эле аралаштырып жегенди токтотуп, негизги тамакты тандоодо туура ойлонууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Тең салмактуу тамактанууда шам-шум этип алуу балансты кармайт. Өзөк жалгоо менен бирге организмге жетишсиз болгон белоктун көлөмүн толуктап, азыктандыруучу заттар менен камсыз боло аласыз, мында эртең мененки, түшкү же кечки тамактанууда ашыкча жеп алуу коркунучу жок.

Өзөк жалгоо - майда иш

Тез тамактануу менен негизги тамактануунун айырмасы - калориянын көлөмүндө. Сиз шам-шум эте турган азык 200 ккалдан жогору болбошу керек. Эгерде ккалдын көлөмү көп болсо, анда сиз толук тамактанган болуп каласыз. Ошондуктан тез тамактанууда сиз эмнени тандаганыңыз маанилүү болуп эсептелет. Мисал үчүн кофени алалы, адатта атайын кофе даярдоочу жайларда бул суусундук үчүн бир нече азыктар керектелип, кофенин курамындагы ккал жогоруда айтылган өлчөмдөн көп болот. Мындан улам кофе өзөк жалгоо болуп эсептелбей, тең салмактуу эмес, өтө таттуу, туура эмес тамактанууга кирет. Кандай азыктарды жегенде, ичкенде ден соолукка пайда болору тууралуу кийинчерээк айтабыз.

Өзөк жалгоо - өзгөрүлмө иш

Айрым учурда чаңкоо ачка болуу сезимин ойготуп коёт. Эгерде сизге көнүмүш болбогон убакта муздаткычтын жанына баргыңыз келип жатса, бир стакан суу ичип коюңуз. 15 мүнөттөн кийин сиздеги ачка болуу сезими жоголуп кетет. Мындан кийин деле ачка болуу сезими болуп жатса, өзөк жалгап алуу керек.

Өзөк жалгоо - коркунуч жаратуучу иш

Жашоодо кездешүүчү эки чон “таш” бар, ага кептелип “жаракат” алып калышыңыз мүмкүн. Биринчиси, кесиптештер ортосундагы чай менен токоч жеп алуу чоң дасторконго айланып кетет. Тагыраагы, бир кызматкер торт, дагы бири колбаса, дагы бири мурунку тамактануусунан артып калган таттуу токочун көтөрүп келип, жеп алышат. Ошентип алар ашыкча жеп алган болот. Бул өтө начар иш. Экинчиси, айрым учурда сиздин өзөк жалгап алууңуз такыр эле токтобойт. Башкача айтканда, сиз дайыма бир нерселерди жей берип, ошону адат кылып аласыз. Мындай учурда компьютердин алдында отуруп, бир нече токочту кантип жеп койгонуңузду баамдабай каласыз. Жеп жатканда “пайдалуу да!” дейсиз. Ооба, пайдалуу бирок өтө көп жебеш керек. Же болбосо сериал же тасма көрүп жатканда жаңгаксыз, поп-корнсуз, картошка калдырканысыз отура албайсыз. Сиздин оюңузча бир нерсе жеп тасма көрүү кызыктуу. Бирок бул адаттардан арылуу кажет.

Өзөк жалгоо - жакшы иш

Анда туура тамактануудагы бардык эрежелерди сактоо үчүн эмнелерди жеп, ичиш керек? Тез арада күч-кубат берүү үчүн жеген азыктар - белоктун, майдын, органикалык заттын жана витаминдердин запасын толуктап турушу керек. Бирок шам-шум эте турган азыктар жогорудагы пайдалуу заттардын баарын толуктай албай турганын билишиңиз керек. Анткени сиз жей турган азык 200 ккалдан жогору болбойт. Бул жерде сапаты тастыкталган, илимий жактан пайдалуулугу далилденген атайын функционалдык азыктар керектелет. Өзөк жалгоо үчүн эң идеалдуу азык – Herbalife Nutrition компаниясынын протеин азыктары. Классикалык мисал – шоколад даамы менен Формула 1 Экспресс батончиги. Бул азык ыңгайлуу, жана жеңил болгондуктан айымдардын сумкасынан орун таба алат. Мындан тышкары, профессионалдык спорт менен машыккандарга Формула 1 протеин коктейли сунушталат. Даамы керемет коктейлдин курамында макроэлементтер, витаминдер бар. Эң башкысы – сапат. Дүйнө жүзү боюнча 8 сертификаты бар лабораторияда өндүрүштүн 14 баскычы – азыкты өндүрүүдөн баштап, таңгакталганга чейинки иши тыкыр көзөмөлдөнөт. Ар бир өндүрүштүн курамындагы азыктар илимий жактан далилденген фактылардан кийин гана алынып, кайра-кайра текшерилет. Herbalife Nutrition компаниясынын функционалдуу азыктары NSF эл аралык уюм тарабынан сертификатка ээ болот. Бул жерде азыктын таза экенинен баштап, допингдин бар же жок экенине чейин текшерилет.

Өзөк жалгоо үчүн жөнөкөй бирок пайдалуу азыктарды колдонсоңуз болот. Алар – жашылча, жемиш, кошулмасы жок сүт азыктары, жаңгак, жумуртка, авокадо жана башкалар. Шам-шум этип алууда таттуу азыктар кант кошулган чай же кофе сунушталат. Бирок өтө аз өлчөмдө экенин эске алыңыз.

Өзөк жалгап алуу максаты - ачка болуу сизди башкарып албоосуна жол бербөө. Дайыма организмиңиздеги сигналды угуп, төмөндөгүдөй схема менен иш кылыңыз. Күч-кубат жетишпей жатканын сездиңизби суу ичиңиз! 15 мүнөттөн кийин ачка болуп жаткан сезим жоголбой жатса, пайдалуу азык жеп алыңыз! Сиз жеп жаткан азыктын ар бир кесими сизге ден соолук жана жакшы маанай алып келсин!


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан