Бишкекте О! Мобилдик операторунун жаңы IT-коворкинг борбору ачылды

31-октябрда О! Мобилдик операторунун жаңы коворкинг-борборунун салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Ачылышта Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин (МТжБМК) төрагасы жана IT-коомчулугунун активдүү мүчөлөрүнүн катышуусу менен басма сөз жыйыны болуп өттү. Жолугушуу "Санарип Кыргызстан 2019-2023" концепциясынын "Мамлекет платформа катары" пилоттук долбоорунун алкагындагы МТжБМК менен О! Мобилдик операторунун ийгиликтүү өнөктөштүгүнүн негизги багыттарына арналды.

МТжБМК төрагасы Дастан Догоев санариптүү Кыргыз өлкөсүнүн калыптануусуна жана "Мамлекет платформа катары" долбоорун өнүктүрүүдөгү активдүү социалдык позициясы үчүн О! Мобилдик операторуна ыраазычылык билдирди.

"IT рыногундагы тажрыйбалуу оюнчунун катышуусу менен Кыргыз мамлекетинин жарандары ар түрдүү кызматтарды жана сервистерди алууда мамлекеттик органдар менен гана эмес, бизнес-структуралар менен да өз ара аракеттенишүүсүндө ыңгайлуулуктун жаңы деңгээлине жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп жатышат. Синергия жана ресурстарды бириктирүүбул бүгүнкү күндүн тренди гана эмес, өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү, санариптик өзгөрүүсү үчүн керектүү курал болуп саналат. Кыргызстанга трансформациялык процесстерди тездетүү үчүн жаңы өз ара аракеттешүү маданиятын ишке киргизүү керек", – деп белгиледи МТжБМК төрагасы Дастан Догоев.

"Бүгүн О! Мобилдик оператору жөн гана байланыш оператору эмес, – деп О! Мобилдик операторунун операциондук ишмердүүлүк боюнча директору Алла Опариенко улантты. – Компания мобилдик байланыш кызматтарын гана көрсөтпөстөн, жалпысынан Кыргыз жергесинин IT-коомчулуктун өнүгүүсүнүн драйвери болууну чечти. Компания программалык камсыздоону өндүрөт, кредит берүү кызматтарын көрсөтөт, ыңгайлуу онлайн-сервистер жана санариптик кызматтарды сунуштайт, жаш IT-адистерге өсүүгө жана өнүгүүгө жардам берет. Биз жаңы коворкинг ачып жатабыз. Бул борбор жаңы Контакт-борборубуздун үйү гана болбостон, IT-долбоорлор пайда боло турган, ал эми жаштарга билим ала турган жана санариптик коомчулукка салым кошо турган жай болот".

Жаңы коворкингде билим берүүчү IT-иш-чаралар, митаптар, вебинарлар, мастер-класстар өткөрүлүп турат. Жана албетте, МТжБМКнын өнөктөшү – О! Мобилдик оператору программисттер менен инженерлер үчүн Intern Labs стажировка программасын жарыялады, эми компания студенттерди системалуу түрдө өнүктүрө алат. Бир нече багыттар боюнча стажировкадан өтүүгө болот – биздин компаниянын негизги технологиялары боюнча: Java, Python, Android жана iOS иштеп чыгуу, тестирлөө. Intern Labs стажировка программасынан өтүп жатканда же өткөндөн кийин стажерго оператор тарабынан жумуш орду сунушталып калышы мүмкүн.

IT тармагындагы иш-чараларды өткөрүү үчүн өтүнмөнү pr@nurtelecom.kg электрондук дарегине жөнөтүү керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан