Кыргыз милициясынын 95 жылдыгына Elite House компаниясы жаңы унаа белек кылды

1924-жылы 1-ноябрда облустук милиция башкармалыгы ишке кирип, жетекчилик кызматка А.П.Амуров дайындалган. Дал ушул күн Кыргыз республикасынын милиция күнү деп белгиленип келет. Быйыл кыргыз милициясынын 95 жылдыгы белгиленди.

Elite House компаниясы Бишкек милициясынын күнү менен кызматкерлерди куттуктап, белек тартуулады. Тагыраак айтканда, 4-ноябрда Elite House компаниясы укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө Лада Гранта унаасын тартуулады.

"Мамлекет жарандардын коопсуздугун жана коомдук тартипти сактоо үчүн болгон аракетин жумшап жатат деп ишенимдүү айтса болот. Биз дагы өзүбүздүн чакан салымыбызды кошолу деп бул белекти тартууладык. Elite House компаниясынын белеги шаарыбыздагы коопсуздуктуу жакшыртууга жардамчы болот", - деди Elite House компаниясынын башкы директору Тимур Файзиев.

Elite House компаниясынын жоопкерчиликтүү корпоративдик-социалдык программасынын алкагында коомдогу маанилүү маселелерди чечүү каралган. Эскерте кетсек, буга чейин Elite House компаниясы өлкө боюнча маданият объектилерин оңдоо боюнча челлендж жарыялап, Кыргызстандын бизнес-секторун бул демилгени колдоого чакырган. Бул иш-чара аркылуу коомдук багыттагы жеке ишканаларды компаниянын жолун жолдоого үндөйт.

"Сиздер мамлекеттин маанилүү, оор ишин аркалап, коомдук тартипти сактап, өлкөдөгү тынчтыкты орнотуп келе жатасыздар. Сиздерди чын жүрөгүбүздөн кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайбыз! Сиздердин талыкпаган эмгегиңиздерге, эрдигиңиздерге жана кесипкөйлүгүңүздөргө рахмат!", - деди Тимур Файзиев укук коргоо кызматкерлерине.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан