Миграциядан кайтып келип, жеке ишин түптөгөн кара-суулук ширетүүчүнүн ийгилик тарыхы

Кара-Суу шаарынын 56 жаштагы тургуну Адбысамат Бекташев ушул кезге чейин эң аз дегенде 5 кесипти аркалады: киномеханик, дыйкан, ашпозчу, электрик жана ширетүүчү. Акыркы кесиби менен жакында «Бакай Банкка» бириге турган «БТА Банктын» колдоосунда толук кандуу иштей баштаган.

Кезектеги буюртма. Жергиликтүү тургундардын бири Абдысамат мырзадан жүзүм тергенге бийик тепкич жасап берүүсүн өтүнгөн. Аз эле убакытты алган иш болгону менен толгон-токой шайманды талап кылат: ширетүүчү аппарат, дрель, электрод, перфоратор жана башкалар. Инструменттердин бардыгын «БТА Банктын» насыясынын жардамы менен сатып алган.

«Шаймандардын бирөө эле 3000-5000 сом турат. Мисалы, перфораторду 4000-5000 сомго аласың. Баарын топтоп келгенде 30дан ашык шайман менен иштейбиз. Башталышта бир аз кыйналдык. Бирок «БТА Банктан» насыя чыгып, сатып алуу учурунда өзгөчө деле кыйынчылыктар сезилген жок», - дейт Бекташев ишке даярданып жатып.

Төрт неберенин чоң атасы Абдысамат Бекташев ширетүүчү болуп эмгектенип жатканына жети жыл болду. Баарын кайрадан баштоодон уста эч качан корккон эмес: ушул кезге чейин жашоосунда бир топ кесипти алмаштырды. Эмгек жолун эң алгач жергиликтүү кинотеатрда киномеханиктен баштаган.

«Окууну бүткөндө Фрунзедеги политехникалык институтка келсем, орун калбай калыптыр. Артка кайтып, айылга кетпеш үчүн И.В.Панфилов атындагы №1 орто кесиптик-техникалык окуу жайда киномеханик кесиби менен окугам. Өзүбүздүн Кара-Сууда «Ала-Тоо» деген кинотеатрыбыз бар. Ишимди ошол жерден киномеханик болуп баштагам. Ал жерде 3 жыл киномеханик болуп иштедим», - дейт Абдысамат Бекташев.

Технологиянын өнүгүшү менен киномеханик актуалдуулугун жоготуп, жакшы да төлөнбөй калат. Бекташев ошол бойдон кол куушуруп отуруп калбастан, электрик кесибине өтүп кеткен.

«1985-жылы «Сельхозэнерго» ишканасына электрик болуп киргем. 5 жыл иштегенден кийин, мага сыйлыкка «Запорожец» унаасын беришкен. Айлыгыбыз ал кезде абдан жакшы эле, 850-900 сомдон алчубуз. Союз кезинде орточо айлык маяна 70 сомдон 120 сомго чейин эле да. Бизге өзүнчө төлөнчү», - деп эскерет Бекташев.

Азыр да Кара-Сууда жер тамдарда электр өткөргүчтөрүн монтаждап, бул ишине суроо-талап жогору. Бирок кирешесинин негизги булагы ширетүүчүлүк. Буюртмалардын көбү металл дарбазалар, айына жардамчылары болуп 3-4 буюртманы аткарышат.

«Эки жардамчым бар. Негизги уста менмин. Жардамчыларыма өзүм үйрөтөм, кандай иштеш керек экенин көргөзүп берем. Биздин бул кызмат үч үй-бүлөнү багып жатат десем болот», – дейт уста.

Миграция, ашкана жана пахта

Ош облусунун Кара-Суу шаарынын экономикасынын негизи катары Кыргызстандын түштүк облустары менен Өзбекстандын ага чектеш аймактарын тейлеген чекене-дүң соода базары эсептелинет. Азыр Абдысамат Бекташевдин бул базарда бир нече орду бар, аларды ижарага берип келет. Аларды бир нече жыл Орусияда миграцияды жүрүп тапкан акчасына сатып алган.

«1996-жылдары эл Орусияга мигрант болуп кете баштаганда, мен да барып, Хабаровск, Приморск жергесинде иштеп калдым. Жергиликтүү ишканага электрик болуп катталып алгам. Ай сайын кадимкидей маяна алчумун. Сыртта жүрүп тапкан акчама Кара-Сууга келип жергиликтүү базардан бир нече орун сатып алдым», - дейт Бекташев.

Алардын биринде ашкана ачып, өзү беш жыл бою ашпозчу болуп иштеген. 2000-жылдардын башында ижарага 10 гектар жер алып, пахта да эккен. Курулуш, турак жайдын ички жасалгасы боюнча буюртмалар менен да иштеп калат. Абдысамат Бекташев адам колунан келишинче эмгектене берүүсү керек деген ойдо.

«Филиалдын жетекчиси – түзүк, ыймандуу жигит»

Кыргызстандагы «БТА Банктын» бардык эле кардарлары сымал, Абдысамат Бекташев 2020-жылы банк КР УБдун уруксаты менен «Бакай Банкка» бириге тургандыгы тууралуу маалымат алган. Жакын арада «БТА Банктын» Кара-Суу филиалында төртүнчү жолу насыя алууга камынууда.

«Албетте, мага биригүү туурасында маалымат беришкен. Филиалдын жетекчиси да түзүк, ыймандуу жигит. Жетекчиси кандай болсо, кызматкерлери да ошондой болот окшойт. Барган сайын «Келиңиз, байке», - деп ал-жайды сурап, жакшы мамиле кылышат. Жакшы сүйлөсө эле улам-улам бара берет экенсиң да. Буга чейин 3 жолу насыя алдым. Эми буюрса төртүнчүсүн алайын деп турам», - дейт Абдысамат мырза.

Бекташев келечекте жер алып, ширетүү цехин ачып иштетүүнү ойлонуп жүрөт.

«Анда буюртмалардан сырткары, продукция чыгаруу мүмкүнчүлүгү болот. Насыяны эл эмнеге алат? Жашоомду оңдоюн деп алат экенсиң да. Эки кабат үйүмдү деле насыяга бүтүрдүм. Ширетүүчүлүккө керек шаймандарды деле насыяга алгам. Аласың, кайра иштеп төлөп бересиң дегендей. Насыя өзү тырыштырып иштетип, адамды жаны тынбаган иштерман кылып коёт экен. Мага ошонусу жагып жатпайбы. Эмгек кылгандын өзү жакшы да», - дейт Бекташев.

«Бакай Банк» буга чейин «БТА Банк» менен бириккенден кийин филиалдарынын баары сакталып каларын билдирген. Бул бириккен «Бакай Банкка» филиалдарынын жана сактык кассаларынын саны боюнча Кыргызстандагы бардык каржы уюмдарынын ичинен 4-орунга чыгууга мүмкүнчүлүк берет. Банктардын биригүүсү биринчи кезекте, эки банктын кардарлары үчүн пайдалуу. Мисалы, Кара-Сууда учурда «БТА Банктын» филиалы, ал эми «Бакай Банктын» сактык кассалары бар. 2020-жылдын башында биригүү процесси жыйынтыкталган соң, «БТА Банктын» бардык филиалдары «Бакай Банктыкы» болуп калат. Кыргызстандын ар бир аймагында сапаттуу банктык кызматтар жеткиликтүү болот.

2020-жылдын башынан тарта "БТА Банктын" Кара-Суудагы филиалы жана башка "БТА Банктын" филиалдары "Бакай Банктын" филиалдары болот.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан