Cооронбай Жээнбеков Кыргыз өлкөсүнүн Стамбулдагы башкы консулу Эркин Сопоковду кызматынан алды

Тектеш кабарлар: 2019-жыл ичиндеги кадрдык өзгөрүүлөр (95 материал)

Кыргыз өлкөсүнүн Стамбулдагы Башкы консулу Эркин Сопоков кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Кечээ, 11-ноябрда түрк басылмалары Айэркен Саймаитини Стамбул шаарындагы Фатих аймагында "Миллет-Стрит" мейманканасында белгисиз жарандар атып кетишкенин жазышкан. Оор жаракат алган Айэркен Саймаити ооруканадан жан берген. Окуя болгон жолдун боюна токтотулган Range Rover үлгүсүндөгү 34 CC 2902 консулдук номерлүү унаа болгон.

Бул унаа боюнча Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлиги маалымат берген эмес.

Эркин Сопоков 2017-жылы Стамбулдагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулу болуп дайындалган.

Эске салсак, Кылычбек Султан Кыргыз өлкөсүнүн Түштүк Кореядагы элчиси болуп турганда Тышкы иштер министрлигинин ишиндеги бир топ кемчиликтерди ачык айтып чыккан. Анын катарында элчиликке тиешеси жок адамдарга дипломатиялык автономерлер берилип кеткен фактылар, дипломатиялык паспорт, дипломатиялык карта, кеңсенин ижарасына байланыштуу коррупциялык иштер, кээ бир чиновниктердин чет өлкөдөгү жоруктары тууралуу элге жарыялаган. Атүгүл президент Сооронбай Жээнбековго мунун баарын жеткирүү далалаты ишке ашпай калган. Тескерисинче, Кылычбек Султан жогорудагы аракеттеринен кийин кызматтан алынып, куугунтукка кабылганы маалым.

Анын ичинен унаа тууралуу мурдагы элчи: «Машина элчиликке катталган, бирок андай автомобиль баланста жок болчу. Ошентип баасы 100 миң долларды чапчыган машинеге заказ беришип, аны чет өлкөдөн Малайзиянын чек арасында каттоодон өткөрүп алып келишип, дипмиссияга таандык деп катташыптыр. Машинаны алып киргенде төлөнө турган каражат, акциздик салык, ар бир жан башынан алынган салык, трансфер жана лицензиялык алымдардан бошотулган. Натыйжада элчиликтин мурдагы кызматкеринин аты-жөнү ачыкка чыкты. Машинага дипномер беришет, ошону менен катар айдоочу дайындоо боюнча буйруктун көчүрмөсү да табылды», - деп айтып берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан