"Алтын чайкоодон чыккан бир да литр суу дарыяга куйбайт". "Жерүй" алтын кенинде тоо-кен казуу иштери расмий башталды

11-ноябрда өлкөдө алтындын корунун көптүгү боюнча 2-орунда турган "Жерүй" алтын кенинде төрт жылдык даярдыктан кийин тоо-кен казуу иштеринин расмий ачылыш аземи өттү. Бул иш-чарага Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов, "Жерүй" алтын кенин иштеткен “Альянс Алтын” компаниясынын өкүлдөрү, Эл аралык ишкерлер кеңешинин жана Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү комитетинин төрагасынын орун басары Аскар Сыдыков, Орусиянын Кыргызстандагы соода иштери боюнча өкүлү Валерий Латыпов, облустук администрация башчысы Марат Мураталиев, президенттик аппараттын Стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн сектор башчысы Аскар Беков жана башка тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү катышты.

“Жерүй” алтын кени тууралуу кызыктуу маалыматтарга токтолсок:

· “Жерүй” алтын кенинин жайгашкан аймагы - Талас облусунун Бекмолдо айыл өкмөтү;
· Кен мындан 41 жыл мурун негизделген;
· Андагы алтындын кору - 86 тонна;
· “Жерүй” долбоорунуну инвестициялык көлөмү - 273 миллион доллар;
· Кенди казуучу “Альянс Алтын” жоопкерчилиги чектелген коому менен 2015-жылы 20 жылга келишим түзүлгөн;
· Жылына өлкөгө 2 миллиард сом салык төгүү планы бар;
· Бир тонна топурактан 3 грамм алтын алынат.

Расмий ачылыш аземде Эмил Осмонбетов "Жерүй" долбоору өлкө үчүн маанилүү экенин айтты: "Биз "Жерүйдүн" ишке кириши боюнча 40 жылдан ашык убакыттан бери аракет көрүп келдик. Бул салыктын көлөмүнүн өсүшүн шарттап, социалдык тармактардагы кызматкерлердин айлык маянасынын өсүүсүнө өбөлгө болот. Анын иштеп кетишине колдоо көрсөтүүбүз зарыл".

“Жерүй” долбоорун ишке ашырган “Альянс Алтындын” директору Михаил Шубин колдоо көрсөткөндүгү үчүн өкмөткө, ишеним арткандыгы үчүн элге ыраазычылык билдирди.

Андан кийин тоону жардыруу иши орун алды. Адистердин айтымында, кенди алуу үчүн тоону жардыруу – бул кен казуу ишиндеги жаңылык эмес. Тактап айтканда, бул кен казуу иштериндеги зарыл болгон кадимки эле жумуш жана мындай ыкманы кен казган бардык ишканалар пайдаланат. "Жерүйдүн" өкүлдөрүнүн айтымында, мындагы адистер тоону жардырууда жаратылышка тийгизген таасирди мүмкүн болушунча азайтуу технологияларын эске алышкан.

"Компания ишке киришкен биринчи күндөн тартып эле жаратылышка зыян келтирбөөгө чоң маани берип келет. Биз коомдук талкуу учурунда коомчулукка кенди казуу жана кайра иштетүүдө эң заманбап ыкмаларды пайдаланууга убада бергенбиз. Бул убадаларды аткарып, экологияга зыян алып келбей турган технологияларда иштейбиз. Алтынды чайкоодон чыккан бир да литр суу дарыяга куюлбайт. Ал суулар кайра иштетилип, алтын чайкоого жумшалат", - деди Михаил Шубин.

Өкмөттүн облустагы өкүлү Марат Мураталиев: "Мен болуп жаткан ар бир иш үчүн облус элинин алдында жооп берем. "Жерүй" алтын кенинде уран, мышьяк деген жок экени аныкталган. Бул алтын кени Талас облусунун өнүгүшүнө чоң салым кошот. Кен ишке киргенден кийин жылына 400-500 миллион сом жергиликтүү бюджетке түшөт. 258 миң калкы бар облус үчүн бул абдан жакшы сумма. Акча каражаттар медициналык, билим берүү кызматкерлеринин айлыгын көтөрүү, ошондой объектилерди курууга жумшалып алдыңкы 2 жылда башка Талас болуп өнүгөбүз. Буга чейин да "Альянс Алтын" тарабынан абдан көп иштер аткарылды. Ал эми кооптуулугу боюнча жарандарда кандайдыр бир маалыматтар болсо, бизге келип айтсын, биздин эшик ачык", - деди ал.

Аскар Сыдыковдун айтымында, мындай чоң долбоорлор менен иштешүү өлкөнүн ишенимдүү жана туруктуу экенин көрсөтүп, башка инвесторлорду тартууга шарт түзөт.

Ушул тапта "Жерүй" алтын кенинде 600 адам эмгектенет. Жаңы жылга чейин жумушчулардын саны миңге жетерин айтышат. Келишим боюнча анын 90 пайызын Кыргызстандын жарандары түзөт.


кошулду
Михаил Шубин: "Жерүй" алтын кенин иштетүүдө жаратылышты сактоо да башкы орунда турат"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан