О! Мобилдик оператору аймактардын тургундары үчүн жогорку ылдамдыктагы 4G LTE стандартынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу менен өз позициясын бекемдөөнү улантууда. Бүгүн Кыргызстандын калкынын 96 пайызынан ашуунун түзгөн 6 миллионго жакын кыргызстандыктар О! түйүнүнүн төртүнчү муун технологиясынын бардык артыкчылыктарынан пайдалана алышат.
Жакында эле О! Мобилдик операторунун техникалык адистери 4G LTE түйүнүнүн камтуусу менен сыйымдуулугун көбөйтүү багытында 40ка жакын калктуу конуштарда иштерин жүргүзүштү:
Туруктуу мобилдик байланыш жана жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыздоо тармагындагы өнүгүү экономиканы санариптештирүү учурунда абдан маанилүү. Өлкөнүн алдыга койгон негизги артыкчылыктарын эске алуу менен О! Мобилдик оператору бүт Кыргызстан боюнча 4G LTE түйүнүнүн сапаттуу камтуусуна тартылган инвестицияларды көбөйтүү менен кыргызстандыктар үчүн санариптик мейкиндикти кеңейтүүдө.
Ошентип, эң алыс жайгашкан калктуу конуштарды кошуу менен жеткиликтүү байланыш менен интернетти ар тараптуу таратуу ишке ашып жатат. Бул өз кезегинде өлкөнүн каалаган жеринен бизнести ыкчам башкарууга жардам берет, онлайн-билим алуу үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачат, дүйнөлүк тажрыйбаларга жана башка көптөгөн нерселерге ээ болууга шарт түзөт.
Лидерден 4G сигналын күйгүз!
О! Мобилдик оператору –4G LTE-түйүнүнүн камтуусу жана сыйымдуулугу боюнча Кыргызстандын гана эмес, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн арасында дагы лидер болуп саналат.
Камтуу картасы www.o.kg сайтында "Түйүн камтыган аймак" бөлүмүндө жеткиликтүү.