"Бакай Банк" эң пайдалуу шарттагы эсептик-кассалык тейлөөнү сунуштайт

Урматтуу кардарлар! Биз силерге эсептик-кассалык тейлөөнү пайдалуу шартта жүргүзүүнү сунуштайбыз. Бул тейлөө улуттук валюта менен да, чет элдин валюта менен да жүргүзүлөт.

ЭКС (Эсептик-кассалык тейлөө) - жеке жана юридикалык жактардын эсептерин тейлей турган, ар кандай валютадагы акча которуу операцияларын жүргүзө турган банктык кызмат.

"Бакай Банктагы" эсептик операцияларга:

* Эсептик жана күнүмдүк эсептерди ачуу жана жүргүзүү. Ал улуттук, чет элдик валюталарда Кыргыз Республикасынын резиденттери үчүн да, резиденттери эмес болгон кардарлар үчүн да ишке ашырылат.

* Кардардын тапшырмасы менен анын банктык эсептери боюнча операцияларды жүргүзүү, мындай операциялар бир операциялык күн ичинде жүрөт;

* Эл аралык эсептердин бардык формасын экспорттук-импорттук операциялар боюнча ишке ашыруу;

* Сом менен төлөмдөрдү электрондук эсептин регион ичинде жана аймактар аралык системи боюнча жүргүзүү;

* SWIFT системи боюнча чет элдик банктарга корреспонденттик эсеп аркылуу эл аралык төлөмдөрдү жүргүзүү;

* Акча банкка келип түшкөн күнү эле тиешелүү кардардын эсебине аны каттоо;

* Банктагы эсепке акча которулган күнү эле акча каражаттарын пайдалануу;

* Банктык операцияларды жүргүзүүнүн тартиби жана кассалык тартиптин сакталышы жөнүндө консультацияларды алуу;

* Эсеп боюнча акча каражатынын жүгүртмөсү жөнүндө толук жана ыкчам маалыматтарды берүү;

* "Интернет-Банкинг", "Банк-Клиент" жана "Мобильный Банкинг" электрондук эсеп системдер боюнча төлөмдөрдү жүргүзүү.

Жогоруда эсептелген эсептик-кассалык тейлөөнүн саны эквайринг, индивидуалдык сейфтерди ижарага алуу жана башка продуктыларды пайдалануу менен өсүшү мүмкүн.

"Бакай Банкта" кардарлар менен адегенде келишим түзүлөт, андан кийин финансылык операциялык жүргүзүлө турган эсеп ачылат. Валютанын түрүнө жана ишкерчиликтин спецификасына жараша ачылган эсептердин саны айырмаланышы мүмкүн.

Юридикалык жактарга да, физикалык жактарга да банктык продуктылардын түрдүү пакеттери сунушталат. Ал тейлөөлөрдүн айрымдары акысыз негизде жүргүзүлөт.

Жеке жактар - резиденттер банктык эсепти ачуу үчүн төмөнкү документтер керектелет:

1. Эсеп ачуу үчүн кардардын колу коюлган арызы;

2. Кардардык эсепти ачуу жана жүргүзүү жөнүндө келишим;

3. Кардардын анкетасы, FATCA сурамжылоосу, пайда көрүүчүнүн идентификациялык картасы;

4. Кардардын колу коюлган үлгүсү түшүрүлгөн карта;

5. Кардардын аты-жөнүн, жеке маалыматын тастыктаган документ (паспорт);

6. Эсепке жазылган адамдардын акча каражатын бөлүштүрүүдөгү ыйгарым укугу (эгер мындай укук 3-жакка берилсе).

Кассалык-эсептик тейлөө боюнча толук маалыматтарды банктын сайтынан же 6111 номери аркылуу чалып call-борбордон билсе болот.

"Бакай Банк" ААКсы 20 жылдан бери Кыргыз мамлекетинин жашоочуларына финансылык кызматтын кеңири түрүн көрсөтүп келе жатат. Азыркы учурда өлкөнүн бардык аймактарында Банктын 76 филиалы жана сактык кассалары бардык кардарларга бат жана ыңгайлуу тейлөөлөрдү жүргүзүп келет.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан