Бүгүн, 15-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев кыздуу болду. Бул тууралуу депутаттын кызы Бермет Исаева социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
"Бүгүн бул дүйнөдө биздин үй-бүлөдөн да бактылуу үй-бүлөнү табуу кыйын. Түндө апам биздин үй-бүлөбүзгө дагы бир адамга көбөйүп, көптөн күткөн сиңдилүү болдук. Жаратканга ыраазычылык билдирем!" - деп жазган Исаева.
Мындан сырткары, депутаттын тун кызы атасы апасына арнаган гүлдөрдүн жана анын катынын сүрөтүн жарыялаган. Анда "Сүйөм сени! Ырахмат, жаным!" деп жазылган.
Бермет Исаева апасы биринчи баласын 24 жыл мурда көз жарганын, жаңы төрөлгөн ымыркай менен беш бир туугандуу болуп калганын кошумчалаган.