Ура! Бишкекте сүйүктүү «Globus» дүкөндөр тармагынын 22-дүкөнү ачылды!

Эми товарды пайдалуу жана ыңгайлуу сатып алуу абдан жеңил болот. Анткени «Globus» арзан баадагы дүкөндөр тармагы 16-ноябрь күнү Бишкекте жаңы дүкөнүн ачты. Бул дүкөн эң ыңгайлуу жайда, Жибек Жолу көчөсүндө (Будённый көчөсү менен кесилишет) жайгашкан жана шаардын чыгыш жагында жашаган жашоочулары, Ысык-Көл, Чүй, Нарын облусуна сапар тарткандар үчүн ыңгайлуу.

Ар бир адамга бирден «Globus»

Чынында, бүйүрдү кызыткан «Globus» тармагынын 22-дүкөнүнүн ачылышына ондогон коноктор катышты. Алар үчүн атайын эстрада жылдыздары ырдап, көптөгөн белектер берилип, арзандатуулар менен кызыктуу оюндар ойнотулду. Ал эми кичинекей кардарларга эсте каларлык балдар шоусу уюштурулду. «Globus» дүкөндөр тармагы бишкектиктердин жана борборубуздун конокторун сапаттуу товарлардын түрү, сатып алуудагы ыңгайлуу шарттары жана жагымдуу факторлору менен көңүлүн бурат.

«Globus» - бул ар дайым арзан баалар, товарлардын түрдүүлүгү (14 миң товардын түрү бар) жаңы келген товарлар, сапаттуулук, ыңгайлуулук жана коопсуздук, жогорку деңгээлдеги тейлөө кызматы, байма-бай уюштурулган акциялар, арзандатуулар, «Globus» картасы менен үнөмдөө.

Болуп көрбөгөндөй арзандатуулар жана картадагы, тиркемедеги акциялар

«Globus» дүкөндөр тармагы өлкөдөгү бирден бир топтоо картасы аркылуу иштеген эң ишенимдүү программаларга жана заманбап ыңгайлуу уюлдук тиркемеге ээ. Элестетип көрүңүз, бүгүнкү күндө борборубуздун 300 000ден ашык жашоочуларында «Globus» топтоо картасы бар. Бул картаны бардык дүкөндөгү маалыматтык текчеде жайгашкан анкетаны толтуруп, бекер алса болот. Топтоо картасы – бул товарларды үнөмдүү сатып алуу, арзандатууга ээ болуу, белектер жана башкалар. Бирок бул да баары эмес. Картанын ээси:

● Бонустарды чогултуп, аны менен товарга төлөй алат. 1 бонус=1 сом.

● Туулган күнүндө, балдарынын туулган күнүндө жеке белектерди алып, майрамдык товарлар ассортиментине арзандатуу алат.

● Белектер ойнотулган оюндарга катыша алат.

● Товарга атайын арзандатуу алат.

● Белгилүү суммага товар алып, ал үчүн белекке ээ болот.

● Биздин тармакта болуп жаткан арзандатуулар, атайын сунуштар, оюндар, ойнотулган белектер тууралуу кабардар болуп турат.

Ыңгайлуу уюлдук тиркеме

Топтоо картасынын бардык жетишкендиктери «Globus» тармагынын уюлдук тиркемесинде да бар, демек, ар дайым сиздин колуңузда, смартфонуңузда болот! «Globus» тармагынын уюлдук тиркемесин көчүрүп, орнотуп алыңыз, ошондо топтоо картасы ар дайым жаныңызда болот!

Google Play`ден көчүрүп алууга шилтеме

App Store`дон көчүрүп алууга шилтеме

Тиркемени колдонуу аябай жеңил: аны ачып, экранда пайда болгон штрих-кодду кассирге көрсөтүү керек! Уюлдук тиркемени колдонуу менен сиз сатып алууда кошумча арзандатуу жана белекке ээ болосуз. Туулган күнүңүздө жана балдарыңыздын туулган күнүндө арзандатууну жана белектерди аласыз. Бонустарды чогултуп, ошону менен төлөм жүргүзө аласыз. Сатып алган товарларды көзөмөлдөй аласыз. Дүкөндүн иштөө тартиби жана даректер боюнча маалыматты биле аласыз.

Сүйүктүү товарлар укмуш арзандатуу менен

«Globus» тармагынын уюлдук тиркемесинде «Сүйүктүү товарлар» бөлүмү өзгөчө көңүлдү бурат. Анда күн сайын келген баасынан 3 эсе арзан баада жаңы товарлар чыгып турат. Карта же тиркеме аркылуу төлөө учурунда сизге сунуштаган товарлардын арасынан уюлдук тиркемеде өзүңүз тандаган сүйүктүү товарыңызды үч күндө бир арзан баада алып турасыз. Мындай артыкчылыкты бүгүн пайдаланыңыз!

«Globus» сүйүктүү тармактын жаңы дүкөндөрүнүн ачылышын күтөбүз!

Айтмакчы, «Globus» тармагында ар дайымкыдай арзан!


кошулду
Ура! Бишкекте сүйүктүү «Globus» тармагынан 22-дүкөнү ачылды!
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан