Nova City - жаңы жашоо башта!

Elite House компаниясы Nova City жаңы курулуш объектиси ишке киргенин жарыялады. Сатуу мөөнөтү старт алгандыгына жана калыптанып калган салтка байланыштуу Nova City турак жай кварталынан батир сатып алууну каалаган алгачкы 10 кардарга Elite House компанияcы бааны төмөндөтөт. Батирдин (чарчы метрин) болгону 555 долларга сатып алууга 10 бактылуу кардардын мүмкүнчүлүгү болот.

Жаңы жашоо башта

Комфорт класстагы Nova City турак жай кварталы Горький - Шабдан Баатыр көчөлөрүндө жайгашкан. Турак жай кварталы "Технопарк" соода борборунун, "Фрунзе" гипермаркетинин, "Дасмия" ресторанынын жанында жайгашкан. Бул комплекстин жашоочулары ар кандай мекемелердин чордонунда болуп, өнүккөн транспорт каражаттары менен шаардын каалаган жерине оңой жете алышат.

Заманбап архитектуралык стиль, жогорку сапаттагы курулуш материалдары Nova City кварталын борборду кооздоочу имараттардын катарына кошот. Турак жайдын терезесинен көздүн жоосун алган тоолорду көрүүгө болот.

Комплекстин коммерциялык аянттарга жакын жана ыңгайлуу жайгашуусу үйүңүзгө жакын жерден бардык кызматтарга ээ болууну камсыздайт.

Тоонун абасы жана дарактардын курчоосу

Турак жай кварталынын короосу кенен, тагыраагы, короонун аянты эки футбол тааласына тең келет. Короо заманбап стандарттарга жооп берген ландшафттык дизайн менен кооздолуп, унаалар коюлбайт. Бул комплекстин өзгөчөлүгү - сейил бактардын аймактарга бөлүнгөнүндө. Тагыраагы, Nova City турак жайынын жашоочулары сейилдөө үчүн шаардагы бактарга чыгуусуна муктаждыктар жаралбайт. Комплекстин жашоочулары короого чыкса эле сейил бактын чөлкөмүнө түшкөндөй болушат.

Сиз жашаган үйдүн короосунда сейил бактар барбы? Elite House менен баары реалдуу!

Эң жаш кардарларга кам көрүлөт

Азыркы үй-бүлөлүүлөрдүн негизги маселелеринин бири - балдар бакчасынын жоктугунда. Мындан улам ата-энелер балдарын мектепке чейинки мекемелерге алып баруу үчүн жетишерлик жолду басып өтүүгө туура келет. "Elite House" компаниясы заман менен бирге жарышып, мезгилден артта калбай, учурдун талаптарын эске алат. Nova City турак жайынын жашоочуларынын ыңгайлуулугу үчүн дал ушул комплексте балдар бакчасын ачуу каралган. Балдар бакчасы окутуу ыкмасы боюнча мектепке чейинки билим берүүчү мекемелердин алдыңкы тизмесине кирет.

Биз сиздин убактыңызды баалайбыз, ошондуктан жашоочуларыбыздын ыңгайлуулугу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү жасайбыз.

Коммерциялык кыймылсыз мүлккө каражат салыңыз

Nova City турак жай кварталы 1000 батирге ылайыкталган. Бул кайсы бир нерсеге керектөөсү, муктаждыгы бар миң үй-бүлөнүн суроо-талабы. Учурдун адамдарынын суроо-талабы ар кандай экени баарыбызга маалым. Керектөөчүлөрдүн муктаждыктарын эске алуу менен Nova City кварталында коммерциялык аянттар да каралган. 0(555) 555 555 номерине байланышып, оптималдуу вариантты тандоо менен өзүңүздүн ишиңизди Nova City`ден баштаңыз.

Максаттуу ойлонуп, smart-пландаштырууну тандагыла

Nova City турак жай кварталынын өзгөчөлүгү - батирдин бардык аянттары оптималдуу колдонууга пландаштырылган. Батирдин ар бир метри сиз үчүн керектүү. "Elite House" компаниясы өзүнүн кардарларын сыйлайт, ошондуктан батирдин ашыкча чарчы метри үчүн акча төлөбөйсүз.

Nova City турак жай комплексинин ар тараптуу курулушу сиздин капчыгыңызга жана каалооңузга туура келген батирди табууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Курулуштун сапаты шек жаратпайт

Elite House компаниясы курулуш иштерине бир гана сапаттуу, сертификаты бар материалдарды жеткирген ишенимдүү компаниялар менен иштешет.

Elite House компаниясынын бардык курулуш объектилери немис концерни TUV SUD тарабынан көзөмөлгө алынат. Аталган концерн 150 жылдык тажрыйбасы бар өндүрүш жана курулуш тармагындагы дүйнөлүк эксперттик лидер болуп саналат.

555 долларга батир сатып алууга үлгүр

0(555) 555 555 номерине чалып, Nova City кварталынан чарчы метри 555 долларды түзгөн өзүңдүн батириңди сатып алууга үлгүр. Эскерте кетсек, мындай сунуш алгачкы 10 кардарга гана каралган.

Бир бөлмөлүү батирдин аянты 36 чарчы метрден 46 чарчы метрге чейин, эки бөлмөлүү батирдин аянты 56 чарчы метрден 72 чарчы метрге чейин жетет. Ошондой эле 3 жана 4 бөлмөлүү батирлер дагы бар.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан