Мурабаха, мудараба, кард хасан - Ислам банкинги деген эмне жана ал эмне үчүн керек?

2020-жылы "Бакай банктын" Ислам финансылык борбору көбүрөөк аймактарды кучагына алып кеңеймекчи. Банктын Оштогу, Караколдогу, Токмоктогу, Кара-Балтадагы жана Кызыл-Кыядагы беш филиалы исламдык принциптер менен иштеп баштайт. Исламдык каржылоо деген эмне, салттуу банктын курамында ишмердигин кандай жүргүзөт жана Кыргызстандын экономикасына тийгизген пайдасы жөнүндө айтып беребиз.

Шариат сүткорлукка тыюу салат демек, ссудалык пайыз алына турган салттуу насыяларды, депозиттерди жана башка банктык продукттарды мусулмандар үчүн жеткиликсиз кылат. Куран ислам экономикасын жана жалпы элдин бакубатчылыгын өнүктүрүү үчүн иштелип чыккан атайын инструменттерди колдонууну сунуштайт. Ислам банкингинин кызматтарын ким көрсөтө алат жана ким колдоно алат, ошондой эле шариат финансылык продукттары кандай иштээрин талдап көрөбүз.

Ислам банкингин ким колдоно алат?

"Бакай Банктын" Ислам финансылык борборунунун жетекчиси Талант Керимбаев эл аралык Шариат стандарттары боюнча, ислам банкинги менен диний ишенимине, гендердик жана этникалык айырмаларына карабай бардыгы колдоно алат.

"Бизде Ислам динин карманган кардарларыбыз абдан көп, атеисттер да бар. Биз ким болбосун баарын тосуп алабыз, эгер биздин шарттар ага ылайык болсо, ал биздин кардар боло алат", - дейт банктын жетекчиси.

Ага карабай, алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки өндүрүү, кумар оюндары, арам өлгөн мал этин кайра иштетүү, чочко этин кайра иштетүүнү каржылоо, сойкулукка жана порнографияга инвестиция салууга тыюу бар.

Ислам финансылык кызматтарын ким көрсөтө алат?

Исламда юридикалык "Фикх" түшүнүгү бар - ал кандай гана каржы уюму болбосун бир катар шарттарды аткаруу менен аларга ислам банкинги менен алектенүүгө мүмкүнчүлүк берет:

  1. Бухгалтердик эсеп шариат принциптерине ылайык келбеген ишмердиктеги бухгалтердик эсептен өзүнчө жүргүзүлүшү керек.
  2. Ички башкаруу ислам мүнөздөмөлөрүнө туура келбеген ишмердиктеги башкаруудан өзүнчө болуусу керек.
  3. Бардык продукттар жана кызматтар шариат принциптерине туура келүүсү керек.
  4. Ислам багытындагы ишмердик, эреже катары, шариаттын эл аралык стандарттары боюнча аккредитацияланган эксперттер кирген шариат кеңешинин көзөмөлү алдында болуусу керек

"Бул принциптердин баарын биз чын дилибиз менен аткарып жатабыз. Биз өзүнчө эсеп, өзүнчө модуль, өзүнчө айти-адистер, келишимдер, жоболор, каржылоо саясаты менен Ислам финансылык борборунун өзүнчө экосистемасын түздүк. Бизде баа аныктоо да обочо ал гана эмес брендибиз да башка", - дейт Керимбаев.

Анын сөзүнө караганда, эгер сөз "Бакай Банкта" ишке ашырылып жаткан салттуу финансылык институттун алдындагы ислам терезеси жөнүндө болгондо, ислам каржылоосу менен алектенген кызматкерлер, банк ишмердигинин башка түрлөрү менен алектенбей койгону дурус.

Акча алуу: мурабаха

Мурабаха - кардарды каржылоо боюнча активдүү операция. Бардык сатып алуулар үчүн тиричилик техникасынан тарта бизнес үчүн алынчу имаратка чейин жарамдуу.

Иштөө принциби - кардар керектүү товар жөнүндө сатуучу менен шарттарын сүйлөшүп Ислам финансылык борборуна кайрылат. Банк товарды сатып алат да, өзү белгилеген баа менен кайрадан кардарга бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгү менен сатат.

"Биз объекттин ээси болобуз да, аны узак мөөнөткө сатабыз. Кардар салттуу банкингдегидей насыя менен үстөк пайыздын өзүн эмес, соода принциби боюнча объектинин наркын сатуучунун койгон баасы менен төлөйт", - деп түшүндүрдү Керимбаев.

КРУБдун талаптарына ылайык, мурабаха алууда, төлөө мүмкүнчүлүгү, айрым учурларда күрөө менен камсыздоо жанан анын баалануусу каралган.

Сактоо жана көбөйтүү: мудараба

Мудараба пассивдүү операциясы - депозиттик эсептин аналогу. Акча салуучулар белгиленген пайызды алышпайт, киришеге жана чыгашага катышып банктын "өнөктөшү" болуп калышат.

Иштөө принциби: салынган акчанын көлөмүнө жараша банктын кирешесинен үлүш белгиленет.

"Эреже болуп калгандай, банк чыгашада калбайт, андыктан кардар өз кирешесин дайыма алат. Ошондой эле бизде кирешелер бирдей бөлүнүүсү үчүн, кирешелерди резервдик жөнгө салуу иштейт. Бул эл аралык шариат чечими ислам аманаттарын кеңири жайылтууну максаттайт, анткени диний адамдар да депозиттер боюнча төлөмдөрдүн так белгиленээрине көнүп калышкан", - деп түшүндүрдү "Бакай Банктын" ИФБсынын жетекчиси.

Адамдар жана уюмдар үчүн: кард хасан

Кард-хасан - жеке жана юридикалык жактар үчүн керек убакка чейинки эсеп. Адаттагы төлөм эсептеринен айырмасы, калдык каражатка пайыздар эсептелбейт жана овердрафт иштебейт.

Иштөө принциби - кардар эсептешүү-кассалык операцияларын жүргүзүү үчүн банкта эсептешүү эсебин ачат. Бул эсепке "Элкарт" системасынын базасында "Бакай Банктын" ИФБсынын картасы чыгарылышы мүмкүн - аны алкоголдук ичимдиктерди сатуу боюнча атайын дүкөндөрдө же түнкү клубдарда колдонуу мүмкүн эмес, бирок ал алкоголь да саткан супермаркеттерде иштей берет.

"Бирок Хиба деген нерсе бар - банктын кардарына акчалай же башка түрдө сый акы же белек берүү. Бирок Хиба 1 тыйын болсо да келишимде көрсөтүлбөйт, болбосо Хиба деп аталбай калат. Банк кардарга өзү каалагандай ыраазычылык билдирет", - дейт Керимбаев.

"Бакай Банктын" Шариат кеңеши

2020-жылдын башында "Бакай Банк" өзүнө "БТА Банкты" бириктирип, Кыргызстандагы ири банктардын бири болуп калат. Учурда ислам терезеси эки банкта тең иштеп жатат. Акционерлердин 5-декабрындагы жалпы жыйынында ИФБнын Шариат кеңешинин курамы бекитилет, ага талапкерлер:

  • Ринат Габбасов (төрагасы). Ислам банкинги боюнча эксперт, Казань шаарынан келген белгилүү динаятчы, "Бакай Банктын" Шариат кеңешинин учурдагы төрагасы.
  • Галим Вахитов - Ислам банкинги боюнча эксперт, экономика илимдеринин кандидаты, Казань федералдык университетинин мугалими.
  • Чубак ажы Жалилов - Кыргызстан мусулмандарынын уламалар Кеңешинин мүчөсү, аалымдардын Ахли Сунна Дүйнөлүк лигасынын мүчөсү.
  • Кадыр ажы Маликов - Кыргызстан мусулмандарынын уламалар Кеңешинин мүчөсү, теолог.
  • Марс Ибраев - Кыргызстан мусулмандарынын уламалар Кеңешинин мүчөсү, Кыргыз ислам университетинин проректору.

КРУБдун талаптарына жана эл аралык шариат стандарттарына ылайык, Шариат кеңеши милдеттүү түрдө ислам банктарында же ислам принциптери менен иш алып барган банктарда түзүлөт. Шариат кеңеши эксперттик кеңеш макамында болуп, башкаруу органы катары эсептелинбейт. Ислам банкингине тийиштүү бардык ички нормативдик документтер аталган кеңеш аркылуу өтөт.

Мисалы, эксперттер ички нормативдик документтерди, продукт, кызмат же бизнес-чечимди каржылоонун ислам принциптерине туура келбейт деп таап, альтернатива сунуштай алышат.

Ислам банкинги - радикалдашуунун алдын алуучу курал

Ислам банкингинин зарылдыгы, адаттагыдан башкача продукттар менен рынокто сунуштардын ар түрдүүлүгүн арттыруу эле эмес, анын социалдык тарабы да бар. Каражаттарга жеткиликтүүлүк радикалдашуунун алдын алуучу куралдардын бири катары каралат. Мындан сырткары, калктын мусулман катмарынын сапаттуу билим берүү жана медициналык кызматтарга жеткиликтүүлүгүнө таасир этет.

"Биз калктын радикалдашуусуна жол бербөө боюнча мамлекеттин аракеттерине көмөктөшүп жатканыбыз үчүн кубанычтабыз. Анткени адам финансылык ресурстарга жете албаса, ал максаттарына да жете албайт, өз маселесин чече албайт, өзү менен өзү калат да радикалдашып кетет", - деп түшүндүрдү Талант Керимбаев.

Ушундай эле пикирди кыргызстандык белгилүү динаятчы Чубак ажы Жалилов да карманат, айтымында, ислам банкингин өнүктүрүү калк арасындагы эмгек миграциясын азайтат.

"Ислам банкинги социалдык жарылуудан сактайт, ошондой эле социалдык маселелерди чечет жана диний ишенимдеги мусулмандардын талабына жооп берет. Адал каржылоо адамдын туура жолдо жүрүп, чыныгы атуул болуусуна, Кудай алдында туура жашоо кечирүүсүнө өбөлгө түзөт. Бул мамлекет үчүн абдан маанилүү. Мен мындан сырткары, миграцияны кыскартып, элдин Кыргызстандан сыртка агымын азайтат деп терең ишенем", - дейт Чубак ажы.

Чубак ажы Жалилов белгилегендей, "Бакай Банктын" ИФБсынын филиалдарынын күтүлүп жаткан көбөйүүсү - Кыргызстан мусулмандары үчүн жагымдуу жаңылык.

ИФБнын Шариат кеңешинин төрагасы, каржылоонун ислам принциптери боюнча эксперт Ринат Габбасовдун пикиринде, ислам банкингинин өнүгүүсү Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатат.

"Бул сырткы инвестицияларды тартуунун тышкы мобилизатору боло алат: араб өлкөлөрүнөн, Түркия жана Пакистандан түз инвестиция тартуу, фондулук рыноктун өнүгүүсү менен инвестициялар топтомун тартуу мүмкүнчүлүгү жаралат", - дейт Ринат Габбасов.

"Бакай Банк" КМШда ислам терезесин ачкан алгачкы салттуу банк. ИФБ КРУБдун ислам принциптери боюнча каржылоого жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берген лицензиясын алган. Учурда ИФБ Бишкекте, Ошто, Таласта, Өзгөндө жана Кара-Сууда ишмердигин жүргүзүүдө.

ИФБ КРнын "Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы, банктар жана банктык ишмердүүлүк жөнүндөгү" мыйзамына, КРУБдун жана ислам каржылык мекемелеринин бухгалтердик эсеп жана аудит Уюмунун Шариат кеңешинин ченемдик-укуктук актыларына ылайык иш алып барууда.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан