Лондон стили Бишкекте. “Нурзаман” компаниясы “Англия кварталынын” батир ээлерине ачкычтарын тапшырды

Тартиптүү жана ошол эле учурда ажайып кооз Англияны эми Бишкектен чыкпай деле сезсе болот. Бир жарым жыл ичинде “Нурзаман” компаниясы кереметтүү Европанын бир бурчун борбор калаага куруп койду. Куруучу компания “Фрунзе” ресторанында “Англия кварталы” премиум-класстагы турак жайдын үй ээлерине ачкычты салтанаттуу түрдө тапшырды.

“Англия кварталы” – бул бир гана сапат эмес, ыңгай жана комфорт, ошондой эле элеганттуу англия маданияты таш менен берилген. Бул жөнөкөй стиль жана мыкты сапаттын айкалышы. Англия кварталы - 13 жана 14 кабаттуу үй, кечинде шаардын жарыгына жана эртең менен тоонун кооз көрүнүшү көрүнөт. Комплексте жайлуу бир бөлмөлүү жана кенен эки бөлмөлүү батирлер бар.
“Англия кварталынын” үй ээлерине ачкычтарын тапшыруу аземи батир ээлерине Англиянын атрибуттарын жана скульптураларды берүү менен башталды. Ошондой эле компаниянын кызматкерлери аларга атайын номери бар кутучаларды тапшырды. Аны менен “Нурзаман” компаниясы ар түрдүү белектерди ойнотту.

Кеченин расмий бөлүгү компаниянын тарыхы жөнүндө айтып берүү менен башталды. Анда Ош шаарында “Нурзаман Плаза”, “Нурзаман”, “Фрунзе”, “Нурзаман Триумф” жана “Разаков Парк” объектери курулган. Бирок “Англия кварталы” менен компаниянын жаңы этабы башталган. Компаниянын негиздөөчүлөрүнүн бири Адылбек Асанов «Нурзаман» жаш компания болсо дагы, өлкөнүн өнүгүшүнө чоң салым кошуп жатканын айтат.

“2018-жылдын февраль айында биз долбоорду баштаганбыз жана бул курулушту бүтүрүү иштерине бир аз убакыт керектелет. Биз биринчи сапатка басым жасайбыз. Атам айтып калчу, эгерди бир иш баштасаң, биринчи кезекте сапатка жана тактыкка көңүл бур деп. Бул нерсени ишке ашырдык деп ойлойм. Сиздерге бул үйлөрдө кызыңарды турмушка узатып, балдарынарды үйлөнтүп, жалаң гана жакшылыктардын үстүндө болушуңарды каалайм. Биз силердин кошунаңар болобуз”, – деди Асанов.

Компаниянын негиздөөчүлөрүнүн бири Урматбек Ысманов компания эл үчүн үйлөрдү кура турганын айтат. “Батирлердин ачкычтарын тапшырардан мурда, компания үйдү куруу иштеринде алдыңкы заманбап технологиядагы курулуш каражаттарын колдонгонун айткым келет. Мунун баарын эл үчүн жасадык”, – деди ал.

Алгачкы батирдин ачкычы Рада Жунусовага тапшырылды. “Биз бул жаш жигиттерге ыраазыбыз, алар мыкты жана сапаттуу үйдү салышты. Кыргыздарда үйлүү болуу маанилүү, эми биз дагы батирлүү болдук. Сиздерге ийгилик каалайм”, – деди кубанычын жашыра албаган үйдүн ээси.

Ошондой эле кеченин жүрүшүндө батир ээлерине үй тиричилигине керектүү буюмдар ойнотулуп, муздаткыч, чаң соргуч, телевизор жана башка белектерди кеченин катышуучулары утуп алышты.
Лотереянын башкы белеги “Англия кварталындагы” 13 миң долларлык унаа токтотуучу жай болду. Анын жеңүүчүсү бир бөлмөлүү батирдин ээси табылды. Кече концерттик программа менен уланды.

“Бул менин биринчи жолу батир алып жатышым эмес. Көбүнчө курулуп бүткөн үй сүрөттөгүдөн бир кыйла айырмаланып калат. Бул үйдүн фасады абдан кооз – бул менин биринчи көргөндө эле көңүлүмдү бурган. Мен агам менен батирди келип көргөндө ал курулуштун сапатына баа берген. Мен 11-кабаттан батир алдым, ал жактан терезеден көрүнүшү керемет. Бул менин батир алуудагы негизги жагдайлардын бири болду”, – дейт жаңы үйдүн ээси Евгения Булгакова.

Кварталдын жаңы жашоочусу Светлана Орозбекова чебер команда үйдү кургандыгын белгиледи. “Бардыгыбыз үчүн конуш жайлуу жана жылуу болсун” дейт ал.

Мадьяр Осмоналиев дагы өзүнүн сезимдери менен бөлүштү. “Бүгүн бизде чоң майрам сыяктуу болуп жатат, себеби бизге көптөн күткөн батирлерибиздин ачкычтары тапшырылды. Курулуш иштери 2 жыл гана болгону таасирлентти. Айтканын аткарышты. Азыркы маалда мындай нерсе сейрек кездешип калды.


Belgravia —Англиянын уландысы

Кеченин соңунда маркетинг бөлүмүнүн жетекчиси Фаррух Жоробаев “Англия кварталы” долбоору менен токтоп калбастыгын айтты.
“Биз жаңы максаттарды багынтууну көздөйбүз, андыктан бүгүн жаңы долбоорду сунуштайбыз – Belgravia турак жайы. Муну менен Англия темасы уланат. Belgravia — бул премиум-класстагы өзгөчө фасады бар долбоор.

Жаңы комплекстин артыкчылыктары: бийик шыптар - 3,15 метр, кең бөлмөлөр – орточо 3*5 метр, оңдоп-түзөө иштеринде иштей турган заманбап жүргүнчү жана жүк үчүн лифттер, брондолгон эшиктер жана чатырдагы террасага эркин кирүү мүмкүндүгү”, – деп тааныштырды.


кошулду
Лондон стили Бишкекте. “Нурзаман” компаниясы “Англия кварталынын” батир ээлерине ачкычтарын тапшырды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан