“Бакай банктын” ээси көрсөтүлбөгөн металлдык эсебинин (ЭМЭ) 6 негизги артыкчылыгы

Урматтуу кардарлар, биз сиздерге ээси көрсөтүлбөгөн металлдык эсеп (баалуу металлдардын жеке белгилерин көрсөтүүсүз эле эсебин жүргүзүү жана баалуу металлдарды тартуу жана жайгаштыруу боюнча операцияларды ишке ашыруу үчүн банк тарабынан ачылган эсеп) ачып, сактаган аманаттарыңызды көбөйтүп алууну сунуштайбыз. Бул акчаны кымбат баалуу металлга которуп, алардын баасынын өсүшүнөн да акча иштеп алсаңыз болот. Сиздин назарыңызга “Бакай банк” тарабынан ээси көрсөтүлбөгөн металлдык эсеп ачуунун 6 негизги артыкчылыгына көңүлүңүздөрдү бурабыз.

ЭМЭ деген эмне?

ЭМЭ (ОМС)- бул ээси көрсөтүлбөгөн металлдык эсеп. Бул инвестицияны кымбат баалуу металлга айландыруунун жөнөкөй жана ыңгайлуу варианты. ЭМЭнин артынан сиз чогулткан акчаңызды 3 кымбат баалуу металлга: алтын, күмүш, ак алтынга инвестиция кылсаңыз болот. Бул кымбат баалуу металлдын граммынан ачылган эсепте сиз ээлик кылган кымбат баалуу металл жөнүндө: пробасы, куйманын номери жана өндүрүшчү тууралуу маалымат көрсөтүлүп турат.

ЭМЭнин негизги 6 артыкчылыгы:

1. Инвестициялык портфелдин диверсификациясы. Бул эмнени түшүндүрөт? Биз кардарларыбызга аманаттын альтернативдүү ыкмасын сунуштайбыз. Бул акчалай каражатты ээси көрсөтүлбөгөн металлдык эсепке салуу.

2. Жогорку ликвиддик, башкача айтканда, ээси көрсөтүлбөгөн металлдык эсептеги кымбат баалуу металлдарыңызды кийин акчага которуу кыйынчылык туудурбайт. Кардар банкка келип арыз жазса, конвертация жасалат да, бир нече мүнөттүн ичинде акчасын алып кете алат.

3. Кымбат баалуу металлдарды ташууда же сактоодо маселе же чыгаша болбойт. Сиздин кымбат баалуу металлыңыз ээси көрсөтүлбөгөн металлдык эсепке салынса, анда эч кандай коркунуч болбойт.

4. Жеткиликтүүлүк. Кымбат баалуу металлга айландыруу алтын жана ак алтын үчүн 0,1 граммдан, күмүш үчүн 1 граммдан эсептелет.

5. Салыктын жоктугу. Эгер кардар эсебине белгилүү бир суммага бааланган алтынды койсо жана убакыттын өтүшү менен алтындын баасы өссө, ал бизге кайра алтынды сата алат. Ал эми сатып алуу менен сатуудагы айырмачылыктан алынган киреше өзүндө калат, ага салык алынбайт.

6. Кымбат баалуу металлды ЭМЭге айлантуу атайын экспертизаны талап кылбайт. Бул кардарларды кошумча чыгашадан бошотот.

Ээси көрсөтүлбөгөн металлдык эсепти кантип ачуу керек?

Сиз “Бакай банкка” келип, ЭМЭни алтын иретинде ачам десеңиз, сизге биздин адистер кеңеш берет. Банктан эсеп ачып, банктын наркы боюнча сиз кайрылган учурда дароо акчаңызды белгилүү грамм өлчөмдөгү алтынга которуп беришет. Келишимдин мөөнөтү чексиз. Түзүлгөндөн тартып бир жактуу жокко чыгарылганга чейин жарактуу болот. Кийин каалаган күнү (эртеси, бир айдан соң, жыл же андан да көп убакыт) сиз каалаганда же алтындын наркы сизди канааттандырганда келип акчаңызды алып кетсеңиз болот.

Андан сырткары, ээси көрсөтүлбөгөн металлдык эсепке байланган жаңы “Элкарт” картасы пайда болду. Сиз каалаган кымбат баалуу металлдагы “Элкартты” ачып алтын, күмүш, ак алтын түрүндө ача аласыз. Башка төлөө карталарынан “Элкарттын” артыкчылыгы – сиздин картаңызда калган акчалар кымбат баалуу металлдын грамм өлчөмүнө айландырылат.

Банкыбыздын кардарлары аталган картанын жардамы менен банкоматтардан улуттук валютага которуп, POS-терминалдар аркылуу товар, тейлөөгө төлөй алышат.

Аталган продукт кардарларга ыңгайлуу болсун үчүн жумасына 24 саат бою эсебине кире алгандай шарт түзүлгөн. Кызмат тууралуу толугураак маалыматты биздин сайттан таба аласыздар.

ЭМЭни ачуу боюнча 0312610061, уюлдук телефондон — 6111, WhatsApp — 0554006111 номерине кайрылсаңыздар болот.

***

«Бакай Банк» ААКсы 20 жылдан бери Кыргыз өлкөсүнүн жашоочуларына кенен каржылык кызмат спектрин түзүп келет. Учурда өлкөбүздүн бардык аймактарындагы 79 аманат кассасы жана филиалдары тез жана ыңгайлуу тейлөө көрсөтүп келишет.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан